Ирандын Мазендеран провинциясынын губернатору Рабии Фаллах Джелодар жаңы кызматтагы сапарын Кыргызстандан баштады
Кечээ, 12-ноябрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Иран Ислам Республикасынын Мазендеран провинциясынын губернатору Рабии Фаллах Джелодар жетекчилик кылган делегацияны кабыл алды.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө аймактары ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү маселесин талкуулады. Тактап айтканда, сөз Ысык-Көл облусу жана Мазендеран провинциясы аралык шериктештик мамилелерди орнотуу туурасында жүрдү.
Биринчи вице-премьер-министр иран тарапка айыл чарба, кайра иштүү өнөр жайы, кен тармагы жана туризм жаатындагы долбоорлорго инвестициялоону сунуштады.
«Биздин өлкөлөр ортосунда дээрлик экономиканын бардык тармактарында пайдаланылбаган чоң мүмкүндүктөр жатат. Өкмөт Кыргызстан аймактарынын Иран провинциялары менен соода-экономикалык кызматташуусунун активдешүүсүнө жана тереңдешине кызыкдар. Тажрыйба көрсөткөндөй, өлкөлөр ортосундагы аймактар деңгээлиндеги кызматташуу натыйжалуу эсептелет», — деди Т.Сарпашев.
Өз кезегинде Рабии Фаллах Джелодар белгилегендей, Иран президенти Хасан Роухани өзүнүн алгачкы ирет чет мамлекетке жасаган сапарын Кыргызстандан баштаган жана ал дагы өзүнүн жаңы кызматтагы сапарын биздин республикага жасап жаткандыгын белгиледи.
«Мазендеран провинциясы Кыргызстандын аймактары менен иштиктүү шериктештик мамилесин түзүүгө кызыкдар. Алсак, Ысык-Көл облусу менен кызматташууну өнүктүрүүгө карата кызыгуу бар. Биз кызматташууну иш жүзүнө активдүү ашырууга жана Мазендеран менен Ысык-Көл облусу ортосундагы товар жүгүртүүнү 100 млн долларга жеткирүүгө даярбыз. Мазендеран – Ирандын туристтер байма-бай каттаган аймагы. Ошондой эле провинция — айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча лидер болуп саналат жана анда 30 миңден ашуун инженерлер катталган. Буга байланыштуу айыл чарба, инженерия, тоо-кен өндүрүү жана туризм жаатындагы кызматташуу эки өлкө үчүн келечектүү болуп саналат», — деди ал.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча документтерди даярдоону баштоо зарылдыгын белгилешти.
Белгилей кетсек, ирандык делегация иштиктүү сапар алкагында Ысык-Көл облусуна да бармакчы.
Leave a Reply