Бишкек шаарындагы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде болгон өрттүн кесепетинен окуу жайдын музейи жана окуу бөлмөлөрү жараксыз абалга келди.

Бүгүн, 23-октябрда саат 04:10дөр чамасында өрт өчүрүү кызматына ЖОЖдун имараты күйүп жатканы тууралуу кабар түшкөн. Өрт чыккан жерге атайын техника менен чогуу 9 унаа жөнөтүлгөн. Өрт өчүрүүчүлөр саат 06:00дө өрттү толугу менен өчүрүүгө үлгүрүштү.

АКИpress агенттигине билдиришкендей, кечээ, 22-октябрда окуу жайдын имаратынын сол канатында музей кабинетин демонтаждоо жумуштары жүргүзүлгөн.

ӨКМдин маалымдашынча, өрттүн чыгуу себеби учурда такталууда.

f4f51a2f3983319304a822fd548d0ff2

e3af05eb1ce71456d951a7a22f25de0e

213d4d4120f37b201b79052166121fdd

1

2

4

bd4f00265eb8efc78dbd5f2eef8ca5f4

Булак: Баракелде