Али-Айоуб

Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Human Appeal International UAE” эл аралык коомунун Кыргызстандагы  филиалынын директору Али Айоубду Кыргыз Республикасынын “Данакер” орденине көрсөтүү маселеси каралды.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбековдун айтымында, аталган уюмдун 17 өлкөдө өкүлчүлүгү бар. Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү социалдык жана билим берүү жаатында кайрымдуулук иштерди активдүү жүргүзүп келүүдө. Уюм тарабынан республика боюнча 17 ФАП, 1 орто мектеп, 3 билим берүү борбору курулуп, ишке берилген. Бир катар аймактардын таза суу көйгөйлөрү чечилген. Ошону менен катар калктын аялуу катмарындагы социалдык колдоого муктаж деп табылган көптөгөн жарандарга колдоо көрсөтүлгөн. Уюмдун Кыргызстандагы жетекчиси Али Айоуб Россия жараны, медицина факультетин бүтүргөн. “Уюм тарабынан жардам алган ар кайсы облустардагы жергиликтүү тургундар өздөрүнүн ыраазычылык каттары, шаарлардын ардактуу атуулуу наамынан сырткары, мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жагын өтүнүп келишүүдө”,- дейт депутат А.Баатырбеков.

Депутат Карамат Орозова социалдык, билим берүү жаатында көмөк көрсөткөн уюмдардын эмгегин татыктуу баалоо аларга дем-күч берерин айтып, көмөк көрсөтүү жагы арбый турганын белгиледи. Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев чет өлкөлөрдө мындай маселе тажрыйбаланаарын иликтеп чыкканын айтып, колдоого алды. Мындай уюмдарга мониторинг жүргүзүү жагын сунуштаган депутат Роза Акназарова Тышкы иштер министрлигинин көз карашын билүү зарылдыгын ортого салды.

Жыйынтыгында демилгеленген мындай маселе депутаттардын сунуштарын эске алуу менен колдоо таптыдеп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.