Хирург М.Мамакеев өзүнүн дарыгерлик тажрыйбасында 20 миңден ашуун операция жасаган
«Мен мединститутка тапшырганда орусча бир да сөз билчү эмесмин. Тиш жуучу каражатты биринчи жолу 3-курста көргөм. Мүмкүн ошондуктан менин тиштерим азыркыга чейин түшө элек чыгар», – деди М.Мамакеев.
КММА жетекчиси Аширалы Зурдиновдун айтымында, бул жылы медокуу жайга 1миң 201 студент тапшырды. Бирок алардын төртү 1-курстардын салтанаттуу ант берүүсүнө чейин коштошуп кетишти.
«Жогорку медициналык окуу жайында билим алуу жеңил эмес. Ошондуктан биздин сиздерден жалгыз суранычыбыз: ар бир күнү окугула, дарстарды жана практикалык сабактарды өткөрүп жибербегиле», – деди Зурдинов.
1-курстардын алдында академик Миталип Мамытов, КРнын улуттук Илимдер Академиясынын вице-президенти Алмаз Алдашев чыгып, кеңештерин айтышты.
Leave a Reply