Бүгүн, 23-октябрда ФИФАнын рейтинги жаңыланды. Анда Кыргызстан курама командасы карамагындагы 158 упай менен 209 мамлекеттин ичинен 150-орунду ээледи. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, сентябрь айында жарыяланган рейтингде Кыргызстан 151-орунда болчу. Акыр бир ай ичинде оюн өткөрбөгөн Кыргызстан рейтингде алдыга жылды.

Кошумчалай кетсек, рейтингдин башкы сабында Германия, Аргентина жана Колумбия курамалары жайгашкан.

спорт футбол

Булак: super.kg