Ош. Өзгөн шаарында өтүүчү Эл аралык күрүч фестивалына орусиялык окумуштуулар катышат

Өзгөн шаарында эртең, 24-октябрда Эл аралык күрүч фестивалы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда SUPER.KG порталына КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Болот Жолдошев билдирди.

“Бүгүн Күрүч фестивалына келүүчү конокторду тосуп алууга даярдык көрүүдөбүз. Орусиядан бир нече окумуштуу келе жатат. Андан сырткары Тажикстан, Өзбекстандан коноктор келмекчи. Иш-чарага чет элдик консулдардын катышуусу да күтүлүүдө”,- дейт Болот Жолдошев.

Фестивалдын негизги максаты Өзгөндүн күрүчүн экспорттоо, аны өстүрүү менен алектенген элдердин улуттук маданиятын, каада-салтын кеңири жайылтуу жана тажрыйба алмашуу болуп саналат.

рисБулак: super.kg