Эне баарынан ыйык, кымбат, үй-бүлөнүн куту
Эне мээрими, ак сүтү, аруулугу эч нерсеге теңдешсиз! Эне. Ата. Кандай гана улуу сөздөр, жашоонун маңызы. Ата-энең болсо бул дүйнөдө бактылуусуң! Атам кесиби боюнча инженер-куруучу, апам журналист, 33 жылдан бери кол кармашып, кыйынчылыктарды бирге жеңип, жакшылыктарга бирге кубанып, алдыга койгон максаттарына бирге жетип келишет. 33 жылдын ичинде 6 кыздуу болушуп, татыктуу тарбия берип, 3 кызын турмуш жолуна узатып, небере күтүп, бактылуу өмүр сүрүшүүдө Кыз баланы тарбиялоодо эненин мааниси абдан чоң, элибизде, “Энесин көрүп кызын ал”, “Эне жакшы-кыз жакшы” деген сыяктуу макалдар бекеринен айтылбаса керек. Биз, кыздары, апамдын акыл-насааты менен, атам экөөнүн көрсөтүп берген туура жолунда чоң ийгиликтерге жетишип келебиз. Айтмакчы, баарыбыз жогорку билимдүү, алтын медаль, кызыл диплом менен окуу жайларын аяктап, керектүү кесиптердин ээлери болуп, коомдо өз ордубузду таап, элибизге кызмат кылуудабыз. Улуу эжем Жылдыз, апабыздын жолун жолдоп, жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп эмгектенет, мен, политехникалык университетти аяктап, өлкөбүздүн ири ишканаларынын биринде инженер-программист болуп иштейм, сиңдим Назгуль Кыргыз Республикасынын өкмөтүндө эксперт, Нурайым жеке ишканада менеджер. Өзүн өзү тарбиялоо, билимге умтулуу энебиздин сүтү менен калыптангандай, ар дайым изденүүдөбүз. Төртөөбүздүн экинчи жогорку билимибиз бар. Кичүү сиңдилерим Уулжан, Орус-Славян университетинде тиш доктур факультетинде, ал эми Айдай БГУда кытай тилин үйрөнүү менен алек. Ар бир жетишкендиктерибизди, кубануубузду атаке, апаке сиздерге арнайбыз. Апа, ак сүтүңүздү актоого бардык мүмкүнчүлүгүбүздү жумшайбыз! Алтыным апам, сиз бар, биздин айланабыз жарык, төгөрөгүбүз түгөл. Дайыма жаныбызда болуп, маңдайыбыздан сылап, бетибизден өөп, батаңызды бересиз. Кыздарыңызга арнап ыр жазасыз.
Балдай жыттуу, бала жытын искеген,
Болбостур дейм, мындан артык бакыт, дем.
Ыраазымын кудайыма миң жолу,
Алтын казык болчу алты кыз берген.
Кызгалдактай кыздарымды көргөндө,
Чөккөн көңүл дароо кетет ачыла.
Баарыңарга тоодой бакыт тилеймин,
Бул ыр болсун апаңардан чачыла.
Улуу кызым, бакыраң көз Жылдызым,
Сабырдуусун токтоо мүнөз тун кызым.
Бак берсин деп жараткандан сураймын,
Сиңдилерге тирек болоор туу кызым.
Балдай таттуу кыз болсун деп ырымдап,
Атты койдук жараштырып затына.
Өмүрүң да балдай ширин болсо экен,
Ачык айрым Асель кызым татына.
Боорукерим, жароокер кыз Назгүлүм,
Кулк мүнөзүң элестетет жаз күнүн.
Пейилиң кенен, оюн терең өзгөчө,
Бак-таалайды тилеп турам мен бүгүн.
Нурайымым кирип келсе үйүмө,
Күлкү, шаң, кут төгүлөт сүйүттөрүмө.
Акылы да келбети да келишип,
Ак жүзүнөн нур тургансыйт төгүлө.
Келечекке зор максатты койгондой,
Жашооң болсун берекелүү тойлордой.
Чечкиндүүсү кайсы кыз деп сураса,
Уулжаным деп айтаар элем ойлонбой.
Эркетайым эң кичинем Айдайым,
Ширинсиң сен баарыбызга балдайым.
Дүйнөдөгү бардык жакшы тилекти,
Кенжетайым бир өзүнө арнаймын.
Эгерде Бейиш эненин таманын астында болсо, анда биз өз бейишибизди таптык. Апаке, сиз биздин жаркырап тийген күнүбүзсүз, таянар тообуз, дем алган абабыз, баары сизсиз! Сиз бар үчүн биз бактылуубуз, Апаке! Атам экөөңөр ар дайым төрүбүздүн ээси болуңуздар!
Асел Бабаканова
Ата-эненди ыраазы кылсан бейишин , нааразы кылсан тозогун болот. Ата-энелерибизди урмсттайлы,сыйлайлы??
Эне-бул дуйнодогу эн кымбат, эн ыйык, эч нерсеге алмаштыргыс, болгону 3 тамгадан туруп, озуно канчалаган кереметти камтып турган эн назик асыл зат. Эне -бул тынчтыктын, мээримдуулуктун,бактылуулукту жана да сулуулуктун символу- деп эсептесек болот.Анткени энебиз бизди 9 ай кардында которуп, жашоонун ачуу-таттуусуна карабастан,бизди алпечтеп которуп,озунун ак сутун берип, чонойтуп остургон адам.
Эне-бул биздин байлыгыбыз!
Эне-бул биздин бактыбыз!
Эне-бул биздин берекебиз!
Эне-бул эч нерсеге алмаштыргыс адамыбыз!
Эне-бул айтып бутпос дастаныбыз!
Бекерге айтышпаса керек”Бейиш эненин таманы астында”-деп .Чындыгында бул ушундай.Энелерибизге биз канча жашта болсок да,баарибир наристе сыяктуубуз.Биз канча жаман иштерге барсак да, эне кечирет.Ар бир эненин оз баласы,озуно айдай сулуу сыяктуу корунот.Энелерибиз биз ачка калсак, алар биз учун уруулукка же болбосо кылмышка да барышы мумкун.Ошондуктан ата-энелерибизди,сыйлап,урматтап алардын барында сый-урмптын корсотуп журо берели.❤Энекем менин жашоом,кунум,айым,жаным,берекем,асылым,бактым,айтып бутпос дастаным!
Маладес
Молодец
Эн сонун создор рахмаат мугалим эже мага дил баян жаз деди эле мен кочуруп алдым спасибо
Use a high quality, zip-lock plastic travelling bag to individual pan drippings. Following roasting beef, fill the pan drippings in to a zip-secure plastic-type material handbag. Enable the extra fat rise to the top. Cautiously snip away from among the underside sides on the travelling bag, and pour out the extra fat-free broth. Unwanted fat will remain within the plastic case, and you will find a scrumptious broth as being a foundation for gravy or perhaps a sauce.
The best way to handle anxiety is always to think about changing your diet program. This is very important because it is really possible that there exists some thing in your daily diet that may be specifically responsible for your moods or thoughts. Look into what you eat and think about shifting it close to to evaluate and discover if you feel any greater.
When attemping to fix your credit history, will not be threatened about writing the credit score bureau. It is possible to need that they can check out or re-investigate any discrepancies you discover, and so they must follow through with your request. Paying out very careful attention to what is going on and getting reported about your credit score report can assist you over time.
Энн деген баарынан ыйык кымбат уйдун куту эне бул баласы учун баарына даяр биз оз энебиздин мээримин ак суттун барктай билейли
мен апам мээримин токуу бизге
менин апам бардыгынан кымбат бул дуйнодон
апакемдин ак суттун алабызбы …………………….