Кадыр Токтогулов

23-февралда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов АКШ президенти Барак Обамага ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралууу бүгүн, 24-февралда Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.  Кыскача маектешүүнүн алкагында Кыргызстан менен АКШ кызматташтыгы боюнча талкууланды. Элчи К.Токтогулов республикада өткөрүлгөн реформалар тууралуу айтып берди.  АКШ президенти Кыргызстан менен АКШнын тарыхындагы достугун айтып, өз ара демократия принциптерди жана эркиндикти жактоосун баса белгиледи.  Ошондой эле Барак Обама акыркы он жылдыкта бири-биринин маданиятын жана үрп-адатын билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү деп билдирди.   Америкалыктар Кыргызстандын “Манас” эпосу менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынан аялдардын кол өнөрчүлүгүнө чейин маданий мурастары менен таанышты. “Сиздер менен мен биздин өлкөлөрдүн бекем жана өзгөрүлбөс достугун тереңдетүү боюнча иштин башталышын күтөм,”-деп баса белгиледи АКШ президенти Барак Обама.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА