Эбола1

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Эбола тумоосунан курман болгондордун саны 9 өлкөдөн 9 миң 177 ге жеткендигин билдирди. Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган Эбола тумоосуна каршы вакцина үстүбүздөгү жылдын апрель айына чейин табылаары туурасында, аталган тумоо менен күрөшүп жаткан окумуштуулар билдиргенин mixnews.ru булагы жазып чыкты. Вирусту изилдөө иштери АКШ, Франция, Германия жана Россияда кызуу улантылууда. Негизинен Эбола тумоосу 2014-жылдын февраль айында Батыш Африкада чыккан. Андан сырткары Испания, АКШ, Сенегал жана Малиде катталган. Азырынча бул илдетке каршы вакцина табыла элек. Ал эми бул тумоону жуктургандардын 90% ы өлүмгө дуушар болушууда. Адистердин билдиргенине караганда , аталган илдет кан жана организмдеги башка суюктуктар аркылуу да адамдан адамга жугууда.

Айзада Дүйшөнбаева