букмекер1

Доллардын курсунун көтөрүлүшү курулуш компаниялары үчүн  ыңгайлуу  болууда. Себеби,  курулган турак-жайларды  доллар  менен сатып,  ал эми керек болгон курулуш материалдарын сомго сатып алуу  курулушчулар үчүн   киреше алып келет.

Ошентсе да киреше негизинен турак-жайдын шаардын кайсы районунда жайгашканына,  коммуникация жана башка көп факторлорго байланыштуу. Бирок доллардын курсунун көтөрүлүшү  курулуш компаниялар үчүн  теңме-тең киреше берүүдө деп түшүнүү туура эмес.   Доллардын курсунун жогору болушунан   компаниялар алган киреше  20-30%ды  гана түзөт.  Мындай пикирин   Көп кабаттуу үйлөрдү  куруу жана  инвестициялар ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Нарынбек Сариев Тазабекке  билдирген.

Бегим ТУРДАЛИЕВА