Жолдубаева1

Бүгүн, 4-мартта парламент жыйынында мамлекеттик кызмат боюнча мыйзамдын талаптарынын аткарылышы талкууланып жатат. Депутат Улукбек Кочкоров Башкы прокуратуранын дарегине бул маселе боюнча суроолор бар экенин айтып, башкы прокурор Индира Жолдубаеванын парламентке келүүсү керектигин билдирди.

Төрага Асылбек Жээнбеков жана депутаттар башкы прокурор же анын өкүлү бүгүнкү парламент жыйынына катышуусу керектигине макул болушуп, төрага прокуратура өкүлүн жыйынга чакыруу керектигин айтты.

Айзада Дүйшөнбаева