Узакбаев

Кен казуу иштери айлана-чөйрөгө терс таасири менен коштолот, биздин милдет – мындай экологияга болгон зыяндарды минималдаштыруу жана экологиялык тобокелчиликтерди алдын алуу деп эсептейт Жогорку Кеңештин депутаты Талантбек Узакбаев. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин мүчөсү Т.Узакбаев мындай пикирин 3-мартта Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин Кумтөр кенинде өткөн көчмө жыйынында билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

“Кумтөр кенин иштетүүдө транспорт каражаттарынын тынбай катташынан улам абанын ашыкча чаңдашы чоң көйгөйгө айланууда. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы малчылар бул көйгөйдү бир нече жолу көтөрүп, жайыттарга зыян келип жаткандыгын айтып чыгышкан. Бүгүнкү күндө кенди иштеткен ишкананын жетекчилиги Сары-Мойнок ашуусунан Кумтөр кенине чейинки аралыктагы бул көйгөйдү чечүүгө убада кылды. Ал эми Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитети бул маселени өз көзөмөлүнө алат”,- дейт Т.Узакбаев.

Алтын казуу иштерине токтолгон депутат Т.Узакбаев компания тарабынан Давыдов мөңгүсүн, Петров көлүн сактап калууга аракет кылып жаткандыгын билдирди. “Кен иштетүүдөн чыккан таштандыларды сактоочу жайда талаптар сакталган. Мында 75 тонна алтын бар. Кийин бул алтындар Кыргызстанга берилет”,- дейт депутат.

Эл өкүлү тигил же бул ири өнөржай же курулуш, ал алтын өндүрүү болобу же жол куруу болобу айлана-чөйрөгө аз болсо дагы таасир этерин айтып: “Биздин милдет – мындай терс таасирлерди азайтуу жана алдыдагы экологиялык тобокелчиликтерди алдын алуу болуп саналат”,- дейт.