нарынбек1

Азыркы тапта Кыргызстан аймагында, айрыкча, борбор калаада кызылча оорусу көп катталууда. Бүгүнкү күндө аны алдын алуу үчүн тиешелүү вакциналар жетиштүүбү же жокпу? Саламаттыкты сактоо министрлиги бул оору менен күрөшүп жатабы? Ушундай жагдайлар боюнча маалымат угуу зарыл.

Бул тууралуу депутат Нарынбек Молдобаев бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңеш жыйынында маселе көтөрдү. Анын маалыматы боюнча, бир күндө эле тез жардам менен 19 бала ооруканага түшкөн. Анын 12си студенттер экен. Бул оору грипп сыяктуу аба аркылуу жугат. Калктын генофондуна дагы таасир этиши толук мүмкүн. “Ошондуктан, бул маселеге мамлекеттик көз караш менен мамиле жасап, колго алалы, эртең кеч болуп калбасын. Саламаттыкты сактоо министрлигине эмне жардам керек? Бул боюнча кеңешип иш алпаруу зарыл”,- дейт депутат Н.Молдобаев. Мындан сырткары, ал вацинациялоо жүргүзүү боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен да иш жүргүзүү керектигин кошумчалады деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.