каныбек Осм1

Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Мыйзам долбоорун комитет жыйынына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Зина Исабаева алып чыкты.

Мыйзам долбоору мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюуга багытталган.

Талкууда комитет төрагасы К.Осмоналиев илимий эмгектери дагы ушул интегралдык микросхемалардын топологиялык укуктарына жакындыгын белгилеп, бул маселелер жакындан тааныш экендигин билдирди. Ошону менен катар бул багыттарды акыры келип эле Кыргызпатент ишканасы жасаарын айтып, мындай түзөтүүлөр менен ыйгарым укуктарды Өкмөткө берүүнүн канчалык зарылдыгын тактады. “Интеллектуалдык менчик боюнча саясат эч убакта жоюлбайт. Ал азыркы тапта күн сайын күч алууда. Интегралдык микросхема бул өзүнчө бир чоң багыт”- дейт комитет төрагасы.

Жыйын жүрүшүндө интегралдык микросхемалардын топологиялары Кыргызпатенттен каттоодон өтө электиги белгилүү болду.

Соңунда мыйзам долбоору 1-окууда жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.