куруч

23-24-октябрда Ош жана Өзгөн шаарларында эл аралык күрүч фестивалы өтөт. Фестивалды өткөрүүнүн демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева. Фестивалдын максаты: күрүч өстүргөн дүйнөлүк масштабдагы өлкөлөрдүн жана Кыргызстандагы ар улуттуу элдеринин тажрыйба алмашуусу, алардын маданиятын жана салттарын жайылтуу, элдердин ортосундагы ынтымакты, достукту бекемдөө жана чыңдоо.

Күрүч – байыркы мезгилдерден тартып биздин күндөргө чейин тамак-аш азыгы катарында кеңири колдонулган өсүмдүк. Ал дүйнөнүн көптөгөн аймактарында өстүрүлөт.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча Япония, Кытай жана башка Чыгыш өлкөлөрүндөгү адамдардын узак жашоосунун себеби күрүчтү негизги азык катары пайдалангандыгы болуп эсептелет.

Күрүчтүн организмге пайдалуу касиеттери анын сортторуна жана өстүрүү ыкмаларына жараша да болот. Акталбаган күрүчтүн пайдалуулугу жогору болот себеби клетчаткага жана витаминдерге бай кабыгы бар. Ал эми кабыгынан бөлүнгөнү акталган күрүч деп аталат.

Азыркы мезгилде күрүчтүн 20дан ашык маданий сорттору белгилүү.

Фергана өрөөнүндө өстүрүлгөн күрүч сортторунун эң баалуусу жана белгилүүсү Өзгөн күрүчү Кыргызстандагы күрүч сортторунун бренди катары белгилүү. Өзгөн күрүчүнүн өстүрүлгөн жерине жараша да ар түрдүү сорттору бар, мисалы Кара-Дарыя жана Яссы боюнда өстүрүлгөн өзгөн күрүчүнүн «Учук», «Арпа-шалы», «Кара-кылтырык», «Казым», «Ак-урук», «Туя-тиш» жана «Какыр» сорттору формасы, даамы жана курамындагы заттардын саны боюнча айырмаланат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча биздин өлкөдө жылына 20-25 тонна күрүч өндүрүлөт. Анын жалпы массасынын 30-40%ы шалы, күрүч кабы ж.б. түрүндө чыгат. Күрүчтүн кабыгында пайдалуу заттар көп экендигине карабай көпчүлүк учурда таштандыга ташталат же малга тоют болот. Бир тонна тазаланбаган күрүчтөн 160 кг кабык алынат, ал эми күйгүзгөндө 20% күл алынат, ал негизинен кремнийдин диоксидинен турат. Алынган кремнийдин диоксидин фармацевтикада, парфюмерияда, тиричилик химия тармактарында ж.б. пайдаланууга болот.

Эгерде күрүч кабынан жана шалыдан (сабагы) брикет отундарды даярдаса көмүрдүн ордуна пайдаланууга болот. Шалыдан жука, бекем кагаздарды жана картон кагазын алууга жана шляпа, баштык токуп жасоого болот.

 Б.Мурзубраимов, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы, Эл аралык күрүч фестивалынын уюштуруу комитетинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги