детиии1

ЮНЕСКО жана ЮНИСЕФ уюмдарынын биргелешкен докладына таянсак, ушул тапта дүйнөдө 12ден 15 жашка чейинки 63 миллион бала билим алуу укуктарынан ажыраган.

Алар негизинен калктын жарды жана аялуу катмарынын балдары. Кенже курактагылардын ар бир онунчусу, өспүрүмдөрдүн ар бир бешинчиси мектептерге барышпайт. Жалпысынан алганда 121 миллион бала мектепке барбагандыгы же окууну таштап салышкандыгы докладда айтылат.

Атай АЛТЫМЫШЕВ