баңги менен
 Челябинск облусунда Россияга 23 кг героин алып өтүүгө аракет жасаганы үчүн Кыргызстандын жараны 8 жылга эркинен ажыратылгандыгы ТАССтын сайтында маалымдады.

Троицкий шаардык сот кыргызстандык жаранга карата Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 229-беренесинин 1-бөлүгү (Баңги заттык каражаттардын контрабандасы) менен жаза өкүмүн чыгарды.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын апрелинде «Бугристое» эл аралык автоунаа өткөрмө пунктунда Кыргызстандан Москвага жүк алып бара жаткан адам кармалган. Анын автоунаасын кароодо баштыкка салынган баңги заттар табылган.

Тергөөдө белгилүү болгондой, кылмыш болгонго чейин бир ай мурда Ош шаарындагы айдоочуга белгисиз эки адам кайрылган. Алар «товарды» Москвага алып өтүү үчүн 10 миң доллар сунушташкан.