бозо

 Өткөн айда улуттук каналдан жапон жериндеги кыргыздардын турмушу тууралуу берүү кеткен эле. Анда журналист кыз жапондордун чай ичүү каадасын келиштире аткарып берген.

Ошондон кийин мени кыжаалат кылган ой пайда болду. Бизде деле жапондордон кем калбаган каада-салттар жетиштүү. Бирок алар акырындап унутулуп баратат.

Айталы бозо ичүү каадасы. “Аш көп болсо, каада көп” дегендей ата-бабадан калган бул суусундук азыр той-топурда гана кездешип калды. Бир кезде аны кастарлап, атайын жөрөлгө менен ичкен муундун катары суюлуп калды.

“Азаттык” радиосу жарыялаган “Менин баяным” аттуу сынакка мен да “Бозо ичүү каадасы” аттуу тасма жөнөткөм. Максатым – ата-бабабыз калтырган суусундукка коомчулук көңүлүн буруу эле. Аны ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине каттатууга эмнеге болбосун деген ойду айткым келет. Балким биздин патриот инсандар ушундан кийин чечкиндүү аракет көрүп, жок дегенде Уикипедияга киргизип коюшса.

Интернеттен кызыгып издеп көрсөм, сакэни жапондор, вискини Шотландия менен Ирландия, текиланы Мексика, ромду Кариб аралдары менен Түштүк Америка эбак эле өзүнө энчилеп алган экен.

Баарынан кызыгы, бозо сыяктуу эле жүгөрүдөн жасалган бурбонду америкалыктар 1964-жылы улуттук суусундук катары жарыялашкан.

Жапондор демекчи, бул элдин чай ичүү каадасы ошол улутка гана таандык маданиятты, табият менен адамзаттын гармониясын жана бизге табышмактуу аураны камтып турат.

Чоң апамдын айтып беришинче, илгери бизде деле чогулуп бозо ичүү каадасы болгон. Кыргызга гана таандык жөрөлгөлөрдү, сезимдерди жана руханий баалуулуктарды өзүнө камтыган бул жагымдуу кечени ата-бабалар жоро-бозо, конок-бозо, куда-бозо ж.б. деп бир нече түргө бөлүшкөн.

Биз тасмада чагылдырган бозо ичүү каадасы жапондордун таңкы чай ичүү каадасына окшошуп кетет.

Анда бозо сүйүүчүлөр күн чыга электе белгилүү бир короого же үйгө чогулат. Мындай жерде алардын жаш курагы, социалдык абалы ж.б. эске алынган эмес. Тек гана бозо сүзүү процессине күбө болуу менен аны ичүү маалында күндөлүк турмуштагы оош-кыйыштары, чарба иштери тууралуу баарлашып турушкан.

Жапондордо чайды даярдоо процесси атайын буюмдардын жардамы менен, келген коноктордун көз алдында өтөт. Бизде дагы меймандар үйгө жайгашып отургандан кийин, үй ээси менен анын жубайы бозо сүзүүгө киришкен. Жапондордой эле бизде да бозо сүзүү үчүн атайын аспаптар бар.

Бозо сүзүп жатканда коноктор арасынан жашыраактары үй ээсине жардам берип турган. Келгендер өз каалоосуна жараша бозо сүздүрүп ичкен. Мисалы, кээ бирөөнө коюусу, башкаларга суюгу жагат дегендей.

Бозо даяр болгондон кийин аны жылытышкан. Анүчүн бош казанды какшыгыча отко коюп, анан ичине суусундукту куюп жиберген. Бул ыкма бозого өзгөчө бир даам берген. Азыркылар идишти дароо эле электр же газ плитанын үстүнө кое салып, жылытат эмеспи.

Дасторконго коюлган бозо дароо ичилген эмес. Келгендер бир аз санжырадан кеп салып, күндөлүк жаңылыкка чейин сүйлөшүп отурушкан. Бул жөрөлгө “Суусун терүү” деп аталып, ал сөзсүз аткарылган. Качан гана бозонун көбүгү тарап, үстү каймактап чыкканда жашы улуу коноктун уруксаты менен кеселерге куюлган.

Жапондордун чай ичүүсүндө, чайды конокторго сунуу эрежелерин так сактоо талап кылынат экен. Кыргызда да бозо сунуу менен аны кантип кабыл алуунун, кесени кармоонун өз эрежелери болгон. Мен башында айткандай, бул жөрөлгөлөрдү так сактоо жана аткаруу менен кийинки муунга үлгү жана тарбия көрсөтүшкөн деп айтсак болчудай.

Коноктор кеткенден кийин үй ээси бозону бала-бакырасы менен өзүнчө ичкен. Бозо ичүү каадасын табият менен байланыштырган себебим, кышкысын күн кыска болгон. Күн энергиясы адам баласына керектүү “Д” витаминин бөлүп чыгарат эмеспи. Ал эми бозону жасоочу дан өсүмдүктөрдүн баары күндү сүйөрү белгилүү. Алар жай бою алган энергиясын кайра адамга ушинтип берет тура.

Бекеринен азыркы күнгө чейин дарылык үчүн кан басымы төмөндөргө, аз кандуулуктан жабыркагандарга, боюнда бар келиндерге бул суусундукту ичүү сунушталбаса керек.

Биз тасмада бозо ичүү каадасын таң агарган кезде тартууну көздөгөнбүз. Боз үй ичинде чырактын жарыгы менен тартылса болмок, чөнтөк телефондун андайга мүмкүнчүлүгү жетпейт экен.

Ошон үчүн күндүз эле, жарык үйдөн тарттык. Балким кийин иш билги режиссерлор профессионалдык деңгээлде жок дегенде даректүү тасма тартып калышаар… Балким, жапондордой эле, бозону ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине, кыргыздардын ата-бабалардан келаткан каадасы деп киргизебиз.

Темир Жусупбеков, Бишкек шаары