насильник1

Бишкекте зордуктоо фактысына шектүү катары Түркиянын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 6-декабрь күнү чала тааныш Али аттуу адам күч колдонуп зордуктап салганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Түркиянын жараны кармалган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: super.kg