скорая
Акыркы сутка ичинде Бишкек шаардык тез жардам кызматы станциясы 387 чакыруу боюнча чыккандыгын 20-ноябрда АКИpress агенттигине билдирди.Маалыматка ылайык, акыркы суткада 132 адам ооруканаларга жаткырылды. Ыкчам жардамдар негизинен гипертониялык оорулар, жүрөктүн өнөкөт оорусу жана алкаголдук ичимдиктерди колдонууга байланышкан учурларда көрсөтүлдү.

19-ноябрда саат 16:41де Көк-Жар конушундагы Матыев көчөсүндө ок атуучу курал менен өзүн аткан 63 жаштагы эркек адам тез жардам кызматы жете электе каза болду.

Ошондой эле, жол транспорт кырсыгына кабылган жарандарга жардам көрсөтүлдү. Ошол эле күнү саат 12:17де 7-кичи райондун аймагында болгон жол кырсыгынан жаракат алган 7 жаштагы кыз ооруканага жеткирилди.

Саат 02:30да Кулиев көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде болгон жол транспорт кырсыгынан 4 адам (24, 22 жаштагы жана 23 жаштагы эки жигит) ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алды. 3 жабырлануучу ооруканага жеткирилди, ал эми 22 жаштагы жабырлануучу ооруканага баруудан баш тартты, деп айтылат маалыматта.

Акыркы сутка ичинде 7 биологиялык өлүм катталды. Тез жардам кызматы жете электе Рыскулов менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде азият улутундагы аты-жөнү белгисиз эркек адамдын каза болгону аныкталды.