сотто4

Бүгүн, 28 ноябрда, Бишкек шаарында «Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу тармагында коррупцияга каршы күрөшүү жана алдын-алуу боюнча чаралар» аталыштагы тегерек стол өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Тегерек стол Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы ПЖ №215  «Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө», 2012-жылдын 2-февралындагы ПЖ №26 «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыктарын жана дагы Кыргыз Республикасынын сот тутумундагы коррупцияга каршы туруу боюнча Планды иш жүзүнө ашыруу алкагында өтүүдө.

Өтүп жаткан иш-чара сот органдарындагы коррупцияга каршы туруу жана аны менен күрөшүү маселелери боюнча сунуштоолорду иштеп чыгуу жана аларды талкуулоо үчүн ачык аянтча болуп берүүдө. Ошону менен бирге, коррупцияга каршы туруу тармагындагы иштерди мындан ары өркүндөтүүгө да шарттар түзүлүүдө.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Жамашева Феруза, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Туманов Токтогул,Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Жолдубаева Индира, Кыргыз Республикасындагы USAID Миссиясынын директору Майкл Гриин куттуктоо сөздөрү менен ачышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Жамашева Феруза «Сот тутумунда коррупцияга каршы туруунун алдын-алуу чаралары» аталыштагы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Усманова Людмила Юрьевна «Прокуратура органдары тарабынан коррупцияга каршы күрөшүүдөгү көрүлүүчү чаралар» аталыштагы, Кыргыз Республикасынын Адилет министри Шыкмаматов Алмамбет «Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүүдөгү маселелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар» аталыштагы, Кыргыз Республикасындагы Европа бирлигинин (ЕБ) өкүлчүлүгүнүн кызматташтык боюнча бөлүмүнүн башчы Йоханнес Стенбек Мадсен «Коррупцияга каршы туруудагы укуктук куралдар» аталыштагы, Кыргыз Республикасында Transparency International  Улуттук бөлүмүнүн башкармалыгынын  төрагасынын кеӊешчиси Айдралиев Акылбек «Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча эл аралык тажрыйба» аталыштагы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин  бюджеттик комиссиясынын төрайымы Есеналиева Гүлжан «Коррупцияга каршы туруунун фактору – Сот тутумун туура каржылоо, соттун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу» аталыштагы баяндамалары менен чыгып билдирүү жасашты.

Тегерек стол Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын сотторунун төрагалары, прокуратура, министрликтердин, мамлекеттик эмес уюмдардын, эл аралык долбоорлордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Тегерек столдун уюштуруучулары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору жана USAID жана ИДЛОнун Кыргыз Республикасындагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасы.

Р.S. Тегерек столдун катышуучуларынын баяндамалары Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун www.jogorku.sot.kg сайтына коюлат.