авария

 Бишкек шаарында жеңил унаа менен сүзүшкөн «Лексус» унаасы электр мамысы менен бакка урунуп, кырсыктын кесепетинен бир адам каза болду.

Бүгүн, 24-ноябрда АКИpress агенттигине Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, «Лексус-RX 300» унаасын башкарып бара жаткан 26 жаштагы Жангарач, Абдырахманов менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинен 33 жаштагы Бактыбектин башкаруусундагы «Ауди-100» унаасы менен сүзүшкөн.

Андан соң башкаруусун жоготкон «Лексус» унаасы алгач электр мамысына андан соң бакка урунган.

Жол транспорт кырсыгынан жаракат алган «Лексус» унаасынын жүргүнчүлөрү ооруканага жаткырылды, ал эми айдоочусу алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болду.

Бул боюнча топтолгон материалдардын бардыгы Бишкек ШИИБдин жол транспорт кырсыгы боюнча тергөө бөлүмүнө берилди. Иликтөө иштери улантылып жатат.