“Ак-Кула” ипподромунда  ат үстүндө жаа атуу боюнча улуттук “Салбурун” оюндарынын мелдеши болду.

Жаа атуунун эки түрү өттү. Биринчисинде оюнчулар туруп алып жаа атса, экинчисинде ат үстүндө жаа атты.

Эркектер аралыгы 30 метр алыстыктан атышса, жаштар өз күчтөрүн 20 метр аралыктан сынашты. Жигиттерден экөө мелдешип, Тимур Болотбек уулу көзгө атаар болду.  Кыздар арасында болсо эки кыз чыгып, Айзада Дүшебаева көбүрөөк очко топтоп үлгүрдү.

Салбурун федерациясынын президенти Алмаз Акунов белгилегендей, жаа атуу боюнча мелдешти кайрадан жандадырып, бул ирет жеке эле эркектердин арасында эмес аялдардын да арасында уюштурушкан. “Бүгүнкү күнү эки кыз күчтөрүн сынашты. Келечекте да каалоочулар көбөйт деген үмүтүбүз бар”-дейт А.Акунов

В Бишкеке определили чемпионов по верховой стрельбе из лука

В Бишкеке определили чемпионов по верховой стрельбе из лука

В Бишкеке определили чемпионов по верховой стрельбе из лука

Катышуучуларга үч мүмкүнчүлүк берилди, ал ортодо беш жолу атып, көбүрөөк очко топтошу керек. Жыйынтыгында баарынан көбүрөөк очко топтогон Ысык-Көлдүн жигити Темиркан Болотбек уулу жана бишкектик Рустам Ногойбаев болду. Эң акыркы жыйынтыгында ысык-көлдүк жаачы алдыга чыкты.

В Бишкеке определили чемпионов по верховой стрельбе из лука

В Бишкеке определили чемпионов по верховой стрельбе из лука

Кийинки ат үтсүндө жаа атуудан катышуучулар үч жолу мүмкүнчүлүк алышты.  Бул учурда жаачылардын ат үстүнөн жаасын октоосу жана аттарынын ылдамдыгы эске алынды.

В Бишкеке определили чемпионов по верховой стрельбе из лука

В Бишкеке определили чемпионов по верховой стрельбе из лука

Эң жакшы жыйынтыкты ысык-көлдүк жигиттер жаратты. Биринчи орунду Нурсултан Көлбаев, экинчини Бактыбек Сагындык уулу, үчүнчүнү Салават Айбек уулу ээлешти.

В Бишкеке определили чемпионов по верховой стрельбе из лука

В Бишкеке определили чемпионов по верховой стрельбе из лука

Акунов бул жолку жаалар спорттук жаалардай эмес, чыныгы көчмөндөрдүн колдонгон жаалары болду,-дейт.

В Бишкеке определили чемпионов по верховой стрельбе из лука

В Бишкеке определили чемпионов по верховой стрельбе из лука