сарпашев1

Турмуш шарты талап кылып жаткандай, ар бир жаран биометрикалык маалыматтарды тапшыруу аркылуу бир топ жеңилдиктерге ээ болушат. Мисалы, мурдагыдай болуп кайсыл бир мамлекеттик мекемелерден маалымкат (справка) алуу үчүн кезек күтүп, убара болушпайт. “Ошол тапшырылган биометрикалык маалыматтар аркылуу банкоматтарды колдонгон сыяктуу эле кийинчерээк атайын орнотулган жабдыктардан керектүү маалымкаттарды алуу мүмкүнчүлүктөрү да түзүлөт. Бул убакытты үнөмдөө жагынан дагы кыйла пайдалуу”, – дейт Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев «Парламент» радиосуна курган маегинде.

Т.Сарпашевдин айтымында, эң ириде биометрикалык маалыматтарды чогултуу аркылуу мамлекеттик башкарууну жөнөкөйлөштүрүп, каттоо кызматтарын  оптималдаштырууга жана жарандардын турмушун жеңилдетүүгө, кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүүгө жетишилет.

Алдыдагы өтө турган парламенттик шайлоого биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен баруу чечими кабыл алынгандыктан, жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу тездетилген темпте жүрүүдө. Региондордо буюрса, бул багыттагы иштер 1-апрелге карата жыйынтыкталып калат. Жалпы тизме боюнча азыркы тапта биометрикалык маалымат тапшыргандардын көрсөткүчү 62 % ашып, 2 млн. 350 миң кишини түздү,- дейт КР Биринчи вице-премьер-министри.

Т.Сарпашев угармандардын суроолоруна жооп берип жатып, биометрикалык маалыматтарды тапшырбаган пенсионерлерге пенсия берилбей деген сындуу маалыматтар чындыкка дал келбестигин белгиледи деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.