бензиндер

Бензиндин баасы жыл башынан бери 6-9,5 сомго чейин арзандады. Өткөн жылдын аяк ченинде кеңири суроо-талапка ээ АИ-92 бензини Бишкекте 49,90 сомго чейин чыгып, дээрлик 50 сомдук чекке жетип калган.

19-февралдан баштап Нефтетрейдерлер ассоциациясынын билдирүүсү боюнча, АИ-92, АИ-95, жана АИ-98 үлгүсүндөгү бензин баасы республиканын түндүк облустарында дагы 1 сомго арзандап, 38,4 сомду түздү. Ал эми түштүк облустарда, тактасак, Ош шаарында Аи-92 2 сомго арзандап, буга чейин 41,4 сом болсо 39,4 сомго түштү.

Баткен облусунда дизель отуну жана АИ-80 бензини 1 сомго арзандады. Ошентип, бензин республикабыз боюнча кайрадан дээрлик мурдагы баасына түштү.

Бишкек
ГСМдин

түрү

1 литрдин баасы (сом)  1 литрдин баасы (сом) Өзгөрүү Өсүү темпи
(%)
Өзгөрүү

01.01.2015-жылдан баштап

18.02.2015-ж. 19.02.2015-ж. (сом) (сом) (%)
АИ-80 32 32 0 0% -6 -15,8%
АИ-92 39,4 38,4 -1 -2,5% -8 -17,2%
АИ-95 42 41 -1 -2,4% -8 -16,3%
АИ-98 45 44 -1 -2,2% -7 -13,7%
Дт 34,5 34,5 0 0% -5 -12,7%
Орточо алганда -0,6 -1,4% -6,8 -15,1%