Бензин мурдагы баасына түштү
Бензиндин баасы жыл башынан бери 6-9,5 сомго чейин арзандады. Өткөн жылдын аяк ченинде кеңири суроо-талапка ээ АИ-92 бензини Бишкекте 49,90 сомго чейин чыгып, дээрлик 50 сомдук чекке жетип калган.
19-февралдан баштап Нефтетрейдерлер ассоциациясынын билдирүүсү боюнча, АИ-92, АИ-95, жана АИ-98 үлгүсүндөгү бензин баасы республиканын түндүк облустарында дагы 1 сомго арзандап, 38,4 сомду түздү. Ал эми түштүк облустарда, тактасак, Ош шаарында Аи-92 2 сомго арзандап, буга чейин 41,4 сом болсо 39,4 сомго түштү.
Баткен облусунда дизель отуну жана АИ-80 бензини 1 сомго арзандады. Ошентип, бензин республикабыз боюнча кайрадан дээрлик мурдагы баасына түштү.
Бишкек | ||||||
ГСМдин
түрү |
1 литрдин баасы (сом) | 1 литрдин баасы (сом) | Өзгөрүү | Өсүү темпи (%) |
Өзгөрүү
01.01.2015-жылдан баштап |
|
18.02.2015-ж. | 19.02.2015-ж. | (сом) | (сом) | (%) | ||
АИ-80 | 32 | 32 | 0 | 0% | -6 | -15,8% |
АИ-92 | 39,4 | 38,4 | -1 | -2,5% | -8 | -17,2% |
АИ-95 | 42 | 41 | -1 | -2,4% | -8 | -16,3% |
АИ-98 | 45 | 44 | -1 | -2,2% | -7 | -13,7% |
Дт | 34,5 | 34,5 | 0 | 0% | -5 | -12,7% |
Орточо алганда | -0,6 | -1,4% | -6,8 | -15,1% |
Leave a Reply