кэмерон1Кэмерон маектеши такыр эле башка киши экенин билгенден кийин телефонун коюп салган экен.

Британ премьер-министри Дэвид Кэмерондун коопсуздук кызматы, белгисиз киши кантип өкмөт башчыга чалып байланышканы тууралуу териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Өкмөттүн өкүлдөрү тараткан маалыматта белгисиз адам Кэмеронго байланышка чыгып, өзүн өкмөттүк байланыш борборунун директорумун деп тааныштырган. Кэмерон маектеши такыр эле башка киши экенин билгенден кийин телефонун коюп салган экен. Өкмөттүн маалымат кызматы ашыкча эч кандай сөз болгон эмес деген маалымат таратты. Ошондой эле бул белгисиз киши алдоо жолу менен Хэннигэндин телефон номерин да сурап алган. Байланыш борбору бул кандайча болгонун иликтеп жатат. Болжолу Хэннигэндин номери жашыруун болгон эмес. Өкмөттүк департамент телефон сүйлөшүүлөрдөн сак болууга чакырды.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА