2227e05a14cc4dce94632817873662bb

Соңку мезгилдерде балдарга карата зомбулуктун көбөйүшү коомдун бул маселеге назарын бурууда. ЮНИСЕФ – балдар укуктарын коргоо, аларга кам көрүү боюнча иш алып барган бүткүл дүйнөлүк лидер уюмдардын бири. ЮНИСЕФтин коомчулук менен байланыш боюнча координатору Мавлюда Жапарова төмөндөгүдөй пикирин кошту.

ЮНИСЕФ ар бир баланын укугу толук корголгон дүйнөнү курганга шарт түзүп, умтулат. 2012-2016-жылдарга багытталган ЮНИСЕФтин Улуттук программасы өлкөдөгү катаал шарттарда жашаган балдарга жардам берүүнү жана теңчиликти камсыздоону максат кылат. Социалдык системаны жакшыртуу үчүн ЮНИСЕФ Өкмөт менен бирге ушул тармактагы саясатты иштеп чыгууда, ал эми жергиликтүү аймактарда ушул система бардык балдарга жеткиликтүү болуу үчүн иш жүргүзүп келет. Мындай иш алып барууда өзгөчө аялуу катмардагы балдарга айрыкча көңүл бурат. Тең укуктуу кызматтар менен камсыздоодогу тоскоолдуктарды жеңүү жолунда жана бардык деңгээлдеги улуттук өнөктөштөргө чечимдерди кабыл алуу процесссинде колдоо көрсөтүүдө мындай саясатты иштеп чыгуу стадиясындагы иш-аракеттер жана жамааттар менен иш алып баруунун ортосундагы байланыш ЮНИСЕФ үчүн өзгөчө артыкчылыкка ээ. Бул программанын алкагында саламаттыкты сактоо жана тамактануу, билим берүү, балдарды коргоо, социалдык саясат, таза суу, санитария жана гигиена, табигый кырсык коркунучтарын төмөндөтүү, жаштар маселелери жана тынчтыкты орнотуу. Мындан тышкары, ЮНИСЕФ гуманитардык жардам берип, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу балдардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерин алып барат.2010-жылдан бери  жардамга муктаж болгон 38 миң бала аз камсыз болгон үй-бүлөлөр катары жөлөк пул алышты.

Башынан оор түйшүктү кечирген балдар, алар үчүн уюштурулган атайын жардамга кайрылышса болот . Акыркы он жылда балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү кескин түрдө кыскарды.  Аз кандуулуктун темир жетишсиздигин алдын алуу ирэтинде, кичинекей балдары бар үй-бүлөлөргө байытылган витамин азыгы (Гүлазык) берилет. Бала бакчалардын жаңы түрлөрүн ишке киргизүү көпчүлүк балдарга мектепке чейинки билим алуусуна чоң мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстанда санитария жана гигиенанын деңгээли жакшырып барат. Жаштарды колдоо өз чөйрөсүндө жакшы саамалыктардын коштоочулары катары байкалууда. Балдар, мугалимдер жана ата-энелер, өзгөчө кырдаалдар учурундагы кооптуу жагдайларды кыскартуунун чарасын көрүүгө үйрөнүшүүдө. 2010-жылкы июнь окуяларынан  кийин балдарга, алгачкы тез, психологиялык жардамдан кийин, кооптуу эмес чөйрөгө, билим алууга, оюн аянтчаларына жол ачылган. ЮНИСЕФ жарандык активисттер менен кызматташууда.

Мээрим  БАКТЫБЕКОВА