Баткен районунда жоголгон 4 жаштагы баланы издөөгө 65 адам тартылды, азырынча натыйжа боло элек

Баткен районундагы Дара айыл аймагынын Кан айылында 19-октябрь күнү саат 18:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен 4 жашар Бекзат Мамасалиев Канатбековичти издөө иштери натыйжа бере элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, 22-октябрда баланы издөө иштерине жергиликтүү калктан 50 адам, аймактык РИИБдин 15 кызматкери тартылган. Жүргүзүлгөн издөө иштеринен натыйжа чыга элек.

Булак: super.kg