мектеп

Балалыгым жашоомдогу кайталангыс көктөмү,

Өкүндүрет топ булуттай токтоо бербей эткөнү.

Жаш улгайып, емүрүмө кыроо түшкөн маалда,

Жүрөксыздап, ойго салып, куса кылат, көп мени -деген саптар Чолпон орто мектебинин 1964-жылкы бүтүрүүчүлөрүнө куп жарашып тургансыйт. 50 жыл мурда тал чыбыктай солкулдаган боз уландар, кереге сакал карыяларга, кызгалдактай кулпурган кыздар балпайган байбичелерге айланышкан. Кеп кылган бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусун К.Акназаров атындагы (Чолпон) орто мектебинин директору Жаныш Өмүрбеков башында турган мугалимдер жамааты уюштурушкан. Жашоонун кайыгын кылдырата айдашкан классташтар 50 жылдан кийинки жолугушуусу сагынычты, кусалыкты, балалыктын бактылуу күндөрүн эске салып турду. Алардын арасынан жашоо менен эртелеп кош айтышкандар азыркы турган турпатты көрбөгөнү өкүндүрдү.

Акназаров атындагы (Чолпон) орто мектебинин окуучулары 50 жыл мурда бүтүп кеткендерге Союздун мезгилиндеги кызыл жагоолорду тагышты. Ушул жолку жолугушуу мага да зор таасирин тийгизип, төмөнкүдөй ыр саптарын кагаз бетине түшүрдүм.

Келишсе да алыс жолдон чаалыгып,

Учурашып, алтындай сөз агылып.

Кадам кетпей бир-биринен алыстап,

Калса керек классташтар сагынып.

 

Элүү жылда жолугушуу оңойбу,

Уулду кой, неберелер чоңойду.

Катарлары суюлганы кейитип,

Сапырылтып салып койду сан ойду.

 

Эскеришип гүлгүн бала кездерин,

Ойноп жатып чекелеше кеткенин.

Ошол учур бир кайрылып келсе деп,

Түгөтө албай узун сабак кептерин.

Бүтүрүүчүлөрдү аздектей жетелешкен окуучулар эки кабат мектепке алып келишти. Каз катар тизилишкен окуучулар, Чолпон айылынын жашоочулары жана мугалимдер жамааты аларды тосуп алышты.Жолугушуу аземин ачык деп жарыялагандан кийин Республикабыздын Гимни жаңырды. Ортого чыккан алып баруучу, окуу бөлүмүнүн башчысы Асел Жамангулова 1964-жылкы мектептин бүтүрүүчүлөрүнө каалоо тилегин төмөнкүдөй билдирди.

Мезгил жетип учту алыска талпынып,

Мээрим төккөн мектепти артка калтырып.

Жашоо деген чоң түйшүктү аркалап,

Ар бирине турмуш жүгү артылып.

 

Өттү арадан канча жазда, канча күз,

Мектеп үчүн жапжаш бойдон дилиңиз.

Баарыңарга оакытка жол ачканын,

Унутпастан эске ала жүрүңүз.

 

Өткөн сайын бал татыган гүл өмүр,

Ар биринин ачыштырып жүрөгүн.

Бул жашоодо бузулбасын деп тилейм,

Урпактарга жасап алган түнөгүн.

Адамды толкундатып ойго салган бул ырдан кийин бүтүрүүчүлөрдү куттукташ үчүн сөз мектептин директору Жаныш Өмүрбековго берилди:

-Урматтуу 1964-жылы ушул мектепти бүтүрүп кетишкен бүтүрүүчүлөр, 50 жылдан кийин жолугушуп отурганыңар Акназаров атындагы (Чолпон) орто мектебинин мугалимдер, окуучулар жамаатын жана жалпы эле Чолпон элин толкундатпай койгон жок. Карап көрүңүздөр, элүү жыл айтканга оңой болгону менен иш жүзүнде жашоонун канчалаган белесин ашып, турмуштун ачуу-таттуусун көрдүңүздөр. Кечээки алмадай жапжаш балдар, кыздар бүгүн минтип күмүш чач баскан чоң ата, чоң эне болуп отурасыздар. Сиздердин өрнөктүү өмүр кийинки муундарга сабак.

Бул жерде олтурган бүтүрүүчүлөрдүн ичинен Темиркул Тилемишовдун мектепке берген жардамын айтпай кетүүгө болбойт.Темиркул агай бир классты шефке алып, анын ремонтунан тартып, геометриялык класс болуп жабдылышын көтөрдү. Натыйжада азыркы мезгилде геометрия сабагы өтүлө турган класска айланды. Учурда 6-класстан тартып 11-класска чейинки окуучулар Темиркул агай уюштуруп, жасалгалап берген класста сабак окушат. Мугалимдер жамаатыушул класска Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» Темиркулорв Тилемишовдун ысмык ыйгарышкан. Айтылып жаткан кабинетти математика мугалими Фатима Сыдыкова жетектейт.

Жаныш Өмүрбеков кеп кылган Темиркул Тилемишов атындагы геометрия классында болдук. Кабинет учур талабына шайкеш жабдылган. Мектеп программасында эмнелер керек болсо, ошонун баары камтылган. Мектептин мыкть окуган 10 окуучусуна Темиркул Тилемишов өзүнүн эсебинен стипендия берип тураарын Фатима Сыдыкова эске салды. 1964-жылы бүтүрүп кетишкен бүтүрүүчүлө) мектептин ашканасына таза суу киргизип, керектүү эмеректерин 18 миң сомго сатып беришти.

60 жыл мурда ушул бүтүрүүчүлөр ата-энелеринин этектерин бурдай кармап, Чолпон орто мектебине келишкени күнү бүгүнкүдөй эстеринде. Ал кезде азыркңца мектеп кайда. Жер төлөсүн шыпырып, үстүн ылай менен жаап, бүтүйгөн терезеси бар чакан бөлмөдө 1-3-класстын, 2-4-класстын окуучулары чогуу окуп билим алышкан.1953-1954-окуу жылында сабак берген агайы Кыяс Өмүров күнү бүгүнкүдө эстеринде. Билим сересине жеткирген агайы Кыяс Өмүровго карыздар экенин ошо күнкү жолугушууда эскеришти. Билимге каныктырган агайы Мидин Чогулдуровду д четте калтырышкан жок.

Жолугушууга райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Элмира Садыкова катышып, жүрөгүнөн чыккан жакшына тилегин билдирди. Бүтүрүүчүлөрдүн элине жазаган иши, басып өткөн байсалдуу жолу өзүнчө эле бир роман. Алардын өрнөктүү өмүрлөрү учуру келгенде дастан, роман повесттер жазылаары келечектин иши. 50 жыл мурдакы бой тарткан боз уландардын, кырчындай кыздардын бүгүнкү учурун көрүп туруп,

Өмүр кыска, мен ушуга капамын,

Кыска өмүрдө уул-кызга атамын.

Уул, кыздар эрезеге жетишип,

Ордун басат мага окшогон атанын,- деген ыр саптары менен макаламды аяктоону

туура таап, эмки 60 жылдык жолугушууга чейин аман болгула классташтар

демекчимил.

Турдумамбет КЫЗАЛАКОВ.