балакай

Кызыктуу маселе

3 мышык 3 чычканды 1,5 саатта жесе, 10 мышык 20 чычканды канча саатта жей алат?

Кана балдар, ой жүгүртүп, кызыктуу маселени чыгарып көргүлө.

мышык

88888888=1000 боло тургандай кылып, сегиз сандарынын арасына 4 амалды коюп, чыгарып көргүлө.

сегиз

Балдар, билесиңерби, кой жылы кирип келатат. Келгиле, жаш койчу Асанга жардам берели.

Асан 3 коюн талаага алып чыгып, өз-өзүнчө үч казыкка байлап койду. Керээли-кечке улам-улам чөп тандап олтуруп, биринин арканы бирине чаташып калды.

Кана балдар, кайсы кой кайсы казыкка байланган?

кой

Математикалык фокустар

1. Бир сан ойло. Аны 4кө көбөйт. Андан ойлогон саныңды кемитип, кайра аны 3кө бөл. Ошондо ойлогон саның чыктыбы?

2. -Сен канча жаштасың?

-Мм, айтпаймын.

– Мага айтпай эле кой. Өзүм таап алам. Болгону өз  жашыңды 10го көбөйт да, келип чыккан сандан 27ни кемит. Келип чыккан сандын бирдигин калган бөлүгүнө кош.

Мисалы: Сен 14 жаштасың.

3. Жуманын күндөрүн табуу

Каалаган бир күндү ойло. Анын катар номерин 2ге көбөйтүп, келип чыккан санга 9ду кошкула. Андан 8ди кемиткиле. Канча чыкты?

Табуунун жолу: Келип чыккан сандан 1ди кемитип, аны 2ге бөлөбүз.

Мисалы: Жума – бул бешинчи күн.

эсеп

Бала тили бал экен, кыялданган жан экен

Кичинекей Байэл атасынын башындагы ак чачтарын көрүп:

– Ата башыңызда ак чачтар жүрөт, -дейт.

– Балдары ата-энесинин тилин албай тентек кылса, чачы ушинтип агарып кетет,-дейт атасы.

– Ии, ошондой чоң атам менен чоң апамдын чачы ошондон агарган турбайбы анда,- дептир Байэл.



– Апаке, бөбөгүмдү бакчага алып барайынбы?

– Кой, анын жүрөгү түшүп калыптыр, врачка алып барайын…

– Апаке, жүрөгү кайсы жерге түшүптүр, мен азыр эле барып таап келейин, – дептир Санжар.



Санжар апасы базардан жумуртка сатып келгенин байкап калат. Аны өзүнүн уктоочу бөлмөсүнө алып барып, жумуртканы бирден чегип жаткан жеринен апасы көрүп калып:

– Ай, жумуртканы эмнеге сындырып жатасың, – деп урушса, Санжар камаарабай туруп:- Жөжөсүн чыгарып жатам, -деп жооп бериптир.

Апендинин жоруктары

Үйрөнчүк чач тарач

апенди

Бир учурда Апенди жаңы үйрөнчүк чач тарачка туш келди. Устараны шилтеген сайын чач тарач башынын улам бир жерин кесип алып, кебезден үзүп жабыштыра берди. Жаны кашайган Апенди кетмекчи болуп тебетейине кол сунду.

– Апенди, башыңдын жартысы али алына элек, – деди чач тарач.

– Сен тең жарымына пахта эгип салдың, эми экинчи жартысына өзүм зыгыр айдайм,-дептир Апенди босогону аттап жатып.

 Эски айды эмне кылат?

ай

Апендиден: – Ай жаңырганда эскисин эмне кылышат? – деп сурашат.

Анда Апенди :- Аны кескилеп майда-майда бөлүкчөлөргө бөлүшөт да, жылдыз жасашат – деп жооп бериптир.

Аяз атага кат

Саламатсызбы, урматтуу Аяз ата?

Ысык-Атадан кат жазып жатам. Бизге кар жаады. Бирок, кээ бир жерде ээрип кетти. Антсе деле келе бересиз да, ээ?

Сиз жомоктордо эле жашайсызбы? Биз өткөндө балдар менен талашып кеттик. Андай болсо деле, мага, карындаштарым Чолпон менен Айтолкунга аябай суук жерде – муз мамлекетте жашагандай сезилесиз. Сизди биз чыныгы жашоодон көргүбүз келет.

Аяз ата, биздин мектепчи, Новопокровка айылындагы №3 мектеп жакшы мектептердин бири. Класс жетекчим Галина Михайловна да аябай жакшы. Классташтарым да абдан жакшы көрөт.

Сизден сураарым ата-энем, карындаштарым таптакыр оорубасын! Ананчы, бир эле белек жетет мага. Чо-оң глобус белекке берсеңиз, жер шарын көргүм келет.

Ынтымак, 11 жашта, Чүй облусу, Ысык-Ата району

Бетти даярдаган Ж.ТУКЕНДЕРОВА