Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айыл аймагында жайгашкан Чалдыбар мектеп-интернатында азыркы учурда 320 окуучу тарбияланып жатат.Анын ичинен 290 окуучу жатаканада жашайт, ал эми 30 бала сабакка үйлөрүнөн келишет, же ошол жерде иштеген мугалимдердин балдары, деп билдирди аталган мектеп интернаттын директору Шаршенбек Конгайтиев.

Директор Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиргендей, бул жерге кароосуз калган, атасы же апасы кайтыш болгон, окутууга мүмкүнчүлүгү жок ата-энелердин балдары соттун чечими менен кабыл алынат. Окуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлгөн. Жатакана, ашкана, мончо, эс алуу аянтчалары, спорт зал, китепкана, бут кийим ондоочу жай, балдардын ден соолугу үчүн медициналык пункт, тиш дарылоо бөлмөсү, кол өнөрчүлөр бөлүмү, мугалимдер үчүн методикалык бөлмө бар жана ар бир класс компьютер, телевизор менен жабдылган.

Бир окуучунун бир күндүк 4 маал тамак-ашына 2013-жылы 65 сом каралса, 2014-жылдан баштап 110 сомго жогорулады.

Учурда жамааттын курамын 85 кызматкер түзүп, 60 мугалим, 3 медайым, мал багуучу, багбанчы, ашпозчу жана тарбиячылар эмгектенет.

Интернатта автобустун жоктугу кээ бир учурларда көйгөй жаратууда. Учурда автобус алып келүү аракети көрүлүп жатат, деп кошумчалады директор.

Мектеп-интернатка тиешелүү жалпы 18,5 гектар жер аянты болсо анын 9 гектары айдоо аянты, 4,5 га аянты имараттар, алма чарбак жана теректер, 5 гектарда чөп аянты бар. Бул жерлерге окуу жылына керектүү болгон жашылча, картошка, төө буурчактар айдалып, жыйналып алынат.

Интернатка 2014-жылы 305 миң сомго кир жуучу машина алынып, 4 миң долларга тиш дарылоочу бөлмө ачылды.turmush.kg

Булак: Турмуш