Накен Касиев

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Накен Касиев редакциябызда болуп, окурмандардын суроолоруна жооп берди.

-Саламатсызбы, мен – Адылбек, Аксыдан чалып жатам. Накен Касиевич, сиз эң чоң тажрыйбага ээсиз. Жергиликтүү айыл өкмөттөрү өзүн-өзү башкара албай калды деп ойлойм. Анткени, аны шайлаган депутаттарга көз каранды. Ушул боюнча оюңуз?

-Өзүң айткандай, өзүн-өзү башкаруу деген – башкаруунун эң олуттуу маселеси. Ушул системаны жакшы жолго коюу зарыл, себеби, калкыбыздын 80 пайызы айылда жашайт. Анан ошолорго башкаруусу ийкемдүү, кесипкөй адамдар келип иштеп берсе, дотацияда отурбай көз карандысыздыктан чыксак, элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртып, элдин бийликке болгон ишеними күчөйт эле да, республикабыздын өсүшүнө олуттуу салым кошмок. Ошондуктан, мен сизге толугу менен кошуламын. Эми, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун мыйзамдары болгондон кийин, муну ишке сала турган, баркын көтөрө турган – бизбиз, ар жерде иштеп жаткан айыл өкмөттөрү. Ошондуктан, ишти алып баруу өзүбүзгө байланышкан.

-Эки баскычтуу каржылоо өз натыйжасын береби?

-Мурда үч баскычтуу каржылоо эмес беле. Каржы министрлиги, район, анан айыл өкмөтү. Азыр, эки жылдан бери эки баскычтуу система менен иштеп жатабыз. Каржы министрлиги айыл өкмөттөрүнө ортомчусуз түздөн-түз жеткирип берип жатат. Бул – чоң саясий эрк менен кабыл алынган мыйзам. Эмики маселе, ошол түшкөн акчаны айыл өкмөттөрү үнөмдүү, сарамжалдуу, коррупциясы жок, талап-тонобой пайдаланганы.

Биздин агенттиктин эң негизги максаттарынын бири – ошол айыл өкмөттөрүнүн, алардын бухгалтерлерин окутуп, аларды үнөмдүүлүккө көндүрүү, экинчиден, коррупциядан четтеттүү үчүн алардын иштерин жакшылап текшерип турушубуз керек. Мына ушунун үстүндө иштеп жатабыз. Эки баскычтуу бюджет, буйруса, экинчи жыл иштеп жатат.

Ачык айтканда, райондогу акимдердин бюджети жок болуп калды. Анан, аларда бюджет болбогондон кийин кантип башкарабыз?- деген нааразылыктар бар. Стимгрант деген бар, ошону райондон берели деген сунуштар түшүп жатат.

-Бюджет маселеси айыл өкмөттөрүн кыйнабайбы?

-Жаңы Конституция кабыл алынган соң, айыл өкмөттөрүнө көп иштер жүктөлүп, алар көп иштерди аткарып жатат. Министрликтер аткара турган иштердин көпчүлүгүн өзүлөрү аткарууда. Бирок алар аткарган иштерине карата мыйзамдык камсыз болгон эмес болчу. Ошол маселени козгоп, ыйгарым укугун өткөрүп коюу боюнча мыйзам кабыл алынган. Экинчи, борбордон алыстатуу маселеси «өзүн-өзү башкаруу» деген сөздө катылып жатпайбы. Бюджет маселесин өздөрү чечиши керек. Бюджети дотациядан чыккан айыл өкмөттөрү өзүнүн каражатын өзү туура пайдаланууну үйрөнүшү зарыл. Экинчиден, мен сунуш кылып жатамын, башкаруу системасында айыл өкмөттөрүн эл өзү шайласа жакшы болот эле. Азыр 13 айыл депутаты шайлап жатпайбы. Эл шайласа, айыл өкмөттөрү бирөөлөргө көз каранды болбойт эле. Көпчүлүк учурда айыл өкмөтү айылдык депутаттарга көз каранды болуп жатат. Ошондуктан, көз карандысыз айыл өкмөттөрү болсо иштин жакшы натыйжасы үчүн өбөлгө болмок. Өз алдынча башкаруу дегендин эң башкы принциби – ал каржы жактан финансы министрлигине, райондун акимине, Өкмөткө дагы көз каранды болбой, өзүнүн суверендүү мүмкүнчүлүгүн алса, өз алдынча башкарууга жетише алат элек.

-Айыл өкмөттөрүн эл шайласа, анан, улам бирин тандап, экинчисине ооштура бербейби, деген ойго кандай карайсыз?

-Кандай болгон күндө да, демократия жолуна түшкөнүбүзгө 23 жыл болуп калды. Азыр шаарлардын мэрлери эл тарабынан шайланса деген сунуштар ЖКнын депутаттары тарабынан да түшүп жатат. Айыл өкмөттөрүн тандоодо, алардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн буйрук менен кызмат ордуна дайындап койсо деген ойду айтып жатканыңы түшүнүп жатам. Мунун күңгөйү-тескейи бар. Демократиядан четтеп калабыз. Анан, эртең эле ошол демократия көрүп калган эл бул туура эмес деп айтып чыгышы мүмкүн. Менимче, шайлоо жолу менен эле бара бергенибиз туура.

-Айыл өкмөттөрүн, райондорду, облустарды бириктирүү маселесине көз карашыңыз кандай?

-453 айыл өкмөтү бар, 31 шаар, 40 район. Административдик аймактык реформа чөлкөмүндө иш жүргүзүп жатабыз. 2015-жылы айыл өкмөттөрүн ирилештирүү боюнча маселе көтөрүлдү. Үч облусубуз буга жооп берип, эки облусубуз каршы болуп жатат. Кээ бирлери «биздин айыл өкмөттөрү чек арада жайгашкан, ошондуктан аларды бириктирүүгө, кыскартууга болбойт» дешет.

Биринчи этапта: айыл өкмөттөрүн бириктирүү пландарыбыз бар. Экинчи этапта, шарты туура келген райондорду бириктирүү маселеси да козголууда. Үчүнчүсү, облустар – географиялык эле ат болуп калды. Губернатор деген – жок, ошондуктан, облустар номиналдык –географиялык аттарында калат. Райондорду, айыл өкмөттөрүн бириктирүү – биздин программада бар.

-Мен, Айнаш, Таластан чалып жатам: ушул мезгилге чейин айыл өкмөттөрү жер сатуу менен алек болуп келишти. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөрүндөгү ошондой коррупцияга бөгөт коё алдыкпы?

-Тилекке каршы, ошондой иштер көп болгон. Былтыр ИИМдин билдирүүсүнө караганда, 295 кылмыш иши козголгон, анын ичинен 35и айыл өкмөттөрүнө тиешелүү. Бирден бир маселе – жерди туура эмес пайдалануу. Бюджетке берилген каражаттарды уурдоо, туура эмес пайдалануу деген мотивдер менен кылмыш иштери козголгон. Кечээ Липенка айылында, андан мурда Сузак районунда эл менен жолугушууда ушул маселелерге өзгөчө көңүл бурдук. Жакынкы эки жылда Бүткүл дүйнөлүк банктын бюджеттик бухгалтердик системанын потенциалын жогорулатуу боюнча долбоору киргизилип, окутуу маселелерин үйрөтөлү деп жатабыз. «Ак ниет башкаруу» деген, сөз жүзүндө кала бербей, иш жүзүндө аткарылып жатканына көңүл бурушубуз зарыл. Бул жагынан айыл өкмөттөрүн орустар айтмакчы, «пряник менен да, камчы менен да» тарбиялаш керек.

-Экинчи суроом: дотацияда турган айыл өкмөттөрү бар. Алар элине, жерине бала бакча кура албай, каржы жагынан жабыр тартып келет. Буга кандай дейсиз?

-Олуттуу маселени айтып жатасыз. Бүгүнкү күндө биздин 80% айыл өкмөттөрү дотацияда отурат. Кечээ эле биз жыйын өткөргөн Ысык-Көл облусунун 75 пайызы, Нарын облусунун 98 пайызы дотацияда отурат. Алар түздөн-түз Каржы министрлигине көз каранды. Быйыл Кудай буйруса, Кыргызстанда жети айыл өкмөтү дотациядан чыгып кетти. Маселен, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Липенка айыл өкмөтү быйыл 63 миллион сомдук инвестиция тартыптыр. Андан сырткары, салыкты жакшы чогултуптур. Муниципалдык менчиктен түшкөн каражаттын көлөмү жакшы болуптур. Быйыл бир жаңы мектеп салып, анын тушоосун кесип келдик. Андан сырткары, элге кызмат көрсөтүү борборун ачышты.

-Дагы бир суроом бар, мен Чүй облусуна көп келемин. Ушул жакка сиңдилерим турмушка чыккан. Ар тараптан көчүп келген этностор Чүй өрөөнүндө көп болгондуктан кээде жер талашуу чатактары да чыгат экен. Ушул маселелер боюнча иштер жүргүзүлүүдөбү?

-Биз эгемендүү болгон соң Тажикстандагы чыр-чатакта бизге ооп келген кыргыздарыбыз, тажиктер, жана башка улуттар да бар. Алар жер мыйзамы кабыл алынып, жер менчиктештирилгенден кийин келишкен. Ага кааласак да, каалабасак да Кыргызстандын атуулдарындай жер бөлүп беришке мүмкүнчүлүк жок. Бирок, алар келгенде там салып алганга, огородуна анча-мынча жер берилген. Бирок, алар 10-15 жыл жашаган соң маселе коюп жатышат. Бирок, анын баары мыйзамдын негизинде чечилиш керек. Сиз айткан этнос маселесине келгенде улутуна карабай, эгер Кыргызстандын атуулу болсо, бардык адамдарга тиешелүү укук ал адамда да болуш керек. Биздин өлкөдө укуктук маселе биринчи орунда.

-Рахмат.

 

-Накен Касиевич, жакында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Липенка айыл өкмөтүндө Ысык-Көл, Нарын облусунун айыл өкмөттөрү катышкан жыйын болуп өттү. Ага өзүңүз да катыштыңыз. Липенка айылынын тургундары райондун борборуна келбей, бардык документтерди айылдан алышат экен. Бардык райондорду ушундай деңгээлге көтөрүүгө мүмкүнчүлүк барбы?

-ПРООН үч жылдан бери ушул маселелер боюнча иш жүргүзүп, Кыргызстанда 30 айыл өкмөтүндө жогорудагыдай мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Липенкада өткөн жыйыныбыздын максаты да ошол болучу. Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда да ушул багытта иш жүргүзүлүүдө. Бул көйгөйдү эки нерсе чечет, биринчиси каражат, экинчиден ошол жерде иштеп жаткан акимдерде, Өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлдөрүндө эрк болуш керек. Мына бүгүн Ысык-Көл облусунун ыйгарым өкүлү Э.Каптагаев мага телефон чалып, быйыл жаңы жылга чейин облустагы 65 айыл өкмөтүндө Липенка айыл өкмөтүндөгүдөй элге кызмат көрсөтүү борборлорду ача турганын билдирди. Каржы маселеси Ысык-Көл фондусу тарабынан чечилет деди. Жакында Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүн чогултабыз. Ушул маселелерди коёбуз. Анткени, бул биздин келечегибиз. Мен жогоруда айттым, кытайдын 75 пайызы ушул системага өтүп, эбегейсиз өнүгүүдө.

 

-Мен Манас районунан чалып жатамын, атым Алтынай, кесибим мугалим, өткөндө “Эркин Тоо” гезитинен бир депутаттын маегин окуп калдым, фамилиясы эсимде жок. Ал айыл өкмөттөрүн жоюп, райондорду өзүн-өзү башкара турган кылса дегендей оюн айтыптыр. Бирок, Кыргызстан ага даяр эмес дептир. Эгер ушул нерсе ишке аша турган болсо, анын бизге кандай зыяны, кандай пайдасы бар?

-Мен тилекке каршы, газетага чыккан ал маекти окуган эмес экемин. Айыл өкмөттөрүн жоюу планда жок. Бул жөнүндө Өкмөттө деле сөз болгон эмес. Анын үстүнө 453 айыл өкмөтүн жоюп, анын ордуна муниципалдык кызмат уюштуруш өтө оор маселе.

Түз байланышты алып барган Карбалас БАКИРОВ