чек ара1

Бир катар ЖМКларда жарыяланган Лейлек чек ара кошуунунун Лейлек чек ара кошуунунун “Айкөл” чек ара тозотунун эки аскер кызматкери дайынсыз жок деген маалымат чындыкка төп келбейт.

Аталган чек арачылар мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча алдыга коюлган тапшырманы аткарып, чек ара кезметинде болушкан.

Айтылган аскер кызматкерлер 2015-жылдын 16-январында саат 20:00до кезметке чыгышкан жана жол багытына ылайык  тоо тарапты көздөй чыгышып, ал жакта байланышка чыгууга мүмкүн болгон эмес.

2015-жылдын 17-январында болжол менен саат 11:30да чек ара кезмети байланышка чыгып, коюлган тапшырмалар аткарылганын жана чек ара тозотуна кайтып келе жаткандыгы тууралуу билдирген.

Азыркы тапта жогоруда айтылган аскер кызматкерлер “Айкөл” чек ара тозотуна кайтып келишти.