Президент Алмазбек Атамбаев 22-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын атайын өкүлү Мирослав Енчаны кабыл алды. Жолугушууда түрдүү тармакта Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгы, Ооганстандагы кырдаалды эске алуу менен борбор азиялык чөлкөмдөгү кырдаалдын азыркы абалы жана келечеги талкууланды. Атамбаев 2015-жылкы парламенттик шайлоонун таза жана ачык өтүшүн камсыздоодо БУУ менен тыгыз кызматташууга үмүт артарын билдирди. Борбор Азиядагы заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы биргелешип аракеттенүүгө Кыргызстан бардык күчүн жумшай турганын кошумчалады.
Булак: super.kg