Ала-букалык темир уста Тилек мындан 5 жыл мурда устачылык менен алектене баштаган. Бул өнөрдү ата-бабаларынан бери келе жаткан өнөр катары билет. Буга чейин Бишкек шаарында иштеп, учурда айыл жеринде бул өнөрү менен кызмат кылып жаткан Тилек  Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен маектешти.Тилек темирге тиешелүү баардык буюмдарды жасаганды үйрөнгөн. Ал той-аштарга керектелүүчү самор, казан коюлган очок сыяктуу буюмдарды да жасап келет. Анын бир жылдагы кирешеси 250 миң сомдон ашат.

“Айыл турмушуна керектелүүчү буюмдарды жасап, эл кызматында келе жатам,”-дейт Тилек.

«Мен устачылык менен үзбөй алектене баштаганыма 5 жылдын жүзү болду. Буга чейин чет өлкөлөргө чыгып иштеп келдим. Кийин борбордо да иштеп калдым. Ар жерди кыдырып иштегенден тажап, айыл жерине устакана ачып алып иштесем деп аракет жасай баштадым. Акыры 2005-жылдары үйдө буюм-тайым, үйгө жылуулук берүүчү түтүктөрдү коюп баштадым. Кийин эл тарабынан ар түрдүү тиричилик буюмдарына буйрутма боло баштады», – деди Т.Бабаназаров.

Т.Бабаназаров бир эле учурда үй эмеректери менен эшик алдына коюлган дарбазаларды да жасап сатыкка чыгарат. “Бирок атайын базарга алып чыгып сатпай үйдөн жасап берип жатам,”-деди ал.

«Жасалган буюмдардын баардыгын үйдөн эле сатам. Базарга алып деле чыкпайм. Бардык кардарларым үйгө келип алып кетишет. Базарга алып чыксамбы деп ойлоп калам. Бирок жасалган буюмдар ушул жерденэле сатылып жатат. Учурда устакананы агам менен иштетип жатам. Буйрутмаларга жетишпей калган учурлар дагы болот. Базарга алып чыккандан кийин бир адам ал жак менен убара болуш керек. Ошондуктан азыр чыга албай жатабыз», – деди Т.Бабаназаров.

Жеке ишкер эң кымбат буюмду 1 миң долларга чейин сатса, эң арзан буюму 3-4 миң сомдун тегерегинде болот.

«Ар түрдүү бумдар бар. Алардын сапатына жараша баасы коюлган. Жасалган буюмдардын эң кымбаты печка. Ал 1 миң АКШ долларына сатылат. Алар үй жылытуучу печкалар. Кааласа суу менен ар бир бөлмөнү ысытып алса болот. Мен жасаган печкаларды үйлөрүнө алып барып коюп да берем. Бул жерде ар ким чөнтөгүнө жараша буюмун ала берет. Кымбаты 1000 доллар болсо арзандары 3-4 миң сомдун тегерегинде сатылат. Жогору баада сатылган буюмдар сапаттуу болот жана алар кымбат баалуу темирлерден жасалат», – деди Т.Бабаназаров.

Атайын буйрутма менен жасаткан буюмдар кардарлар үчүн арзан болушу мүмкүн.

«Биз көбүнчө буюмдарды өз алдыбызча эле жасап келе жатабыз. Бизге буюмдун кайсыл жерге коюла турганын көрүп алсак жасоо оңой болот. Кардарлар үчүн дагы арзан болушу мүмкүн. Мисалы, биз жасап койгон буюм кардарлардын үйүнө же болбосо койчу жерине туура келбей калып, кайрадан оңдотууга туура келген учурлар бар. Буйрутма менен жасалган буюм бизге да, кардарларга да ыңгайлуу деди», – деп кошумчалады Тилек.

Айыл тургундары темир уста Тилектин буюмдарын арзан же кымбат дебей алып кетишет. Каарманыбыз устачылык өнөрүн мындан ары да өркүндөтүү менен алек.

32 жаштагы Тилек учурда Ала-бука районунун Сары-Талаа айылында жашайт. Бир баланын атасы.

12

3

4

5

7

6