гаффнер1

Мына ушундай кеӊешти Орусиянын аймактык мыйзам чыгаруучулары элге айтып жатат деп кабарлайт The Moscow Times басылмасы. Бул өлкөнүн Уральск, Свердловск аймактарында тамак-аштын баасы 25 процентке жогорулады.

“Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаты Илья Гаффнер Екатеринбургда интервью берип жүрүп: “Биз баарыбыз орусиялыктарбыз. Мындан да оор ачарчылыкты башыбыздан өткөргөнбүз. Эгер акча жетишпей жатса, анда эл өз саламаттыгына кам көрүп, азыраак жесин,” – деп айткан.

Мыйзам чыгаруучунун бул сөзүн партия лидери Виктор Шептий сынга алып: “Мындай акылга сыйбаган кеӊешти айтуудан мурда Илья Гаффнер жети ирет жакшылап ойлонсо болмок”, – деди деп жазат The Moscow Times.

Бактыгүл Чыныбаева, Азаттык