лавиналар1

 Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунда Жыргалаң айылынын Туз-Суу жайлоосунда кечээ, 25-февралда саат 12:45 чамасында кар көчкү жүрүп, анын кесепетинен Кыргызстанга эс алуу үчүн келген 30 жаштагы Куршакова Вера Валерьевна каза болду.

Россия Федерациясынын Владимирский облусунун Руздель районунун Новоалександровка айылынын тургуну кардын астында калып каза болду,-деп билдирди бүгүн, 26-февралда ӨКМ.

Кар көчкүсү түшкөн жерге ӨКМдин №7 өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун куткаруучулары барып, саат 13:30да кардын астында калган адамдын жансыз денесин таап, Каракол шаардык өлүк сактоочу жайга жеткиришкен.