123

1234

«Судьялар жана соттун аппарат кызматкерлери» аталыштагы Ачык дүйнө программасынын катышуучулары 10 күн Америка Кошмо Штаттарында болушуп, кайтып келишти.

Программанын алкагында кыргыз делегациясы АКШнын Конгрессинин китепканасында өткөн маалыматтык семинарга катышты жана АКШнын Жогорку Сотунда, дүйнөдөгү жогорку окуу жайларынын алдыңкы катардагылардын бири болгон Йельс университетинин юридикалык факультетинде, Хенри С. Ли атындагы криминалистика институтунда болушуп, Нью-Хейвендеги федералдык тергөө бюросунун бөлүмү жана федералдык маршалдар кызматы менен таанышышты.

Мындан тышкары, программанын катышуучулары федералдык, штаттын апелляциялык сотунун жана Жогорку Соттун судьялары жана кызматкерлери менен жолугушуп, сот тутумуна байланышкан маселелерди талкуулап, АКШ сотторунун ишмердүүлүгү менен таанышышты. Ал жакта делегаттар үчүн сот имараттарында экскурсия уюштурулуп, андан сот катышуучулар сот отурумдарынын процесстерине катышышты.

Келген делегаттарга прокуратура өкүлдөрү жана «Юристы без границ» уюмунун мүчөлөрү менен жолугушуу уюштурулуп, уюмдун ишмердиги жана анын кандай кызматтарды тартуулагандыгы тууралуу кабардар болушту. Сапар алкагында, аткаруу бийлик бутагынын өкүлү менен да жолугушуу болуп, анда аткаруу жана сот бийлик бутактарынын ортосундагы өз ара аракеттешүү маселелери талкууланды.

Делегаттар урматына аткаруу бийлик бутагынын өкүлдөрү Коннектикут штатындагы Капитолий имаратынын төбөсүнө Кыргызстандын желегин көтөрүү аземин өткөрүштү.

Программанын катышуучулары:

Абдыкадыров Куралбек Амантаевич – Жогорку Соттун Төрайымынын кеңешчиси;

Досмамбетов Азизбек Анарбекович – Ысык-Көл облустук сотунун судьясы;

Жаныбеков Медер Жаныбекович – Ысык-Көл облустук сотунун судьясы;

Кожомбердиев Урмат Мелисович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун милдетин аткаруучу;

Салиев Калыгул Абдразакович – Ош облустук сотунун судьясы.

Маалымат үчүн:

Жогорудагы иш сапар «Судьялар жана соттун аппарат кызматкерлери» аталыштагы Ачык дүйнө программасынын сынактык тандоосунун жыйынтыктары боюнча уюштурулган.

 «Ачык дүйнө» программасынын максаты – бул Америкалык демократиялык жана мамлекеттик институттардын ачыктыгына жана жоопкерчилигине таасир этүүчү факторлорду катышуучулар өздөрүнүн тажрыйбасы аркылуу сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берүү деп билдирет Жогорку Соттун басма сөз кызматы