дамира Нияз

2015-жылдан баштап медициналык адистиктердин бүтүрүүчүлөрү аймактар боюнча бөлүнүшөт. Баш тартышса диплом ала алышпайт. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Бишкектеги маалымат жыйында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева билдирди.

Анын айтымында, мындай мыйзам долбоордун демилгечиси өзү.

Милдеттүү түрдө иштөө жөнүндөгү мыйзам 2 жылдан бери бар. Бирок иштей элек, деди ал. Мыйзам долбоорго ылайык, эгер бюджеттик-бүтүрүүчү медициналык окуу жайды аяктагандан кийин аймактык саламаттыкты сактоо мекемелеринде 2 жылдан кем эмес иштегиси келбесе, анда ал окуу үчүн кеткен каражатты мамлекетке кайтарып берүүгө милдеттүү болот.

Д.Ниязалиева бул мыйзамдын муктаждыгын, саламаттыктык сактоо чөйрөсүндө кадрлар жетишпей жаткандыгы, айылдарда жана аймактарда дарыгерлердин жетишсиздиги, ошондуктан адамдар сапаттуу медициналык жардам ала албай жатышкандыктары менен түшүндүрдү.

Ниязалиеванын белгилешинче, аймактарга жөнөтүлгөн бүтүрүүчүлөр керектүү шарттардын баардыгы менен камсыздалышат. Бул учурда бүтүрүүчү менен 3 тараптуу келишим түзүлөт – «студент, ЖОЖ жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы».

Вице-премьер бүтүрүүчү барынан мурда өз айылына барышы мүмкүн экендигин кошумчалады.