Буйлаш2 Буйлаш Буйлаш1

 КР Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов кыргыз элинин улуу ойчул-акыны, залкар комузчусу Арстанбек Буйлаш уулуна коюла турган эстеликтин эскиздик варианты менен таанышты. Айкел акындын 190 жылдыгын белгилөөнүн алкагында коюлмакчы. Эстеликти жаратып жаткан Кыргыз Эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыковдун айтымында, айкелдин бийиктиги постаменти менен 5 метрди түзөт, ал эми Арстанбек Буйлаш уулунун өзүнүн айкели 2,60 см болот. Эскиздик вариант эстеликтин жалпы көрүнүшү туурасында гана маалымат берсе, эми мындан ары толук иштелип чыгуу аракеттери көрүлөт.