амантур1

Элүүнчү жылдардын ортосунда Амантур Акматалиев агай Советтик Армиянын катарынан келип, айылдагы мектепке мугалим болуп иштеп калды. Өзүнүн адистиги тилчи болсо дагы сүрөт, дене тарбия сабактарынан берчү. Адабий, өздүк көркөм чыгармачылык кружокторун уюштуруп, бизди газеталарга кабар жазганга үйрөтөр эле. Менин биринчи макалам 1958-жылы “Кыргызстан пионери” газетасына жарыяланганда кубанганымды айтпа. Агайыма айтсам, тек гана “алабармандаба, көп окуп, көп жазып, калемиңди такшалт” деп койду. Көрсө, мени таптап, дагы эмгектенсин деген турбайбы?..

Амантур агай сүрөттү жакшы тартаар эле. Бир жолу сабакта доскага чыгып, бактын бутагына конуп отурган кузгунду жилик тиштетип тартып, “кана балдар, силер да аракет жасап көргүлөчү” деди. Эч кимибиздин колубуздан келген жок. Көрсө, агай ошол кезде эле искусствого кызыкчу экен.

Агайдын кесиби журналист болсо дагы айыл чарбасын, анын проблемаларын түшүнө билип, мезгилдүү басма сөз бетине дайыма чагылдырып турар эле. Анын журналисттик чыйыры айыл чарбасынан башталган. Ошол кезде “Ленинчил жаш” газетасына жарыяланган “Чабан жана койчу” деген публицистикалык макаласында бир отор кой баккан чабан менен койчунун ортосундагы социалдык жана экономикалык теңсиздик жөнүндөгү проблеманы көтөрүп чыккан. Жыл бою экөө бирдей эмгектенсе дагы чабандын айлыгы жогору, жакшы көрсөткүчтөрдү камсыз кылса, ал орден-медалдын ээси, ар кандай деңгээлдеги чогулуштарда сый-урматка бөлөнөт, президиумда жетекчилер менен отурат. Койчу жыл бою отордун жанында. Республикабызда бул макала чоң резонанс пайда кылып, массалык маалымат каражаттарында кызуу талкуу жараткан.

Агайдын “Беш түлүк” деген китебинде малдын түрлөрүнүн теги, азыктуулук касиеттери элибиздин арасында орун алган салттуу түшүнүктөр менен чагылдырылып, малды өстүрүүнүн ата–бабабыздан салт болуп калган, укумдан тукумга өтүп келген салттуу ыкмаларды талдап, системалаштырган. Бул эмгек бүгүн дагы өзүнүн маанисин, актуалдуулугун жогото элек.

Жетимишинчи жылдарда Амантур агай Нарын районундагы Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясынын көп нускалуу “Коммунисттик эмгек” газетасынын редактору, партиялык комитеттин катчысынын орун басары болуп иштеп калды. Анын талыбаган эмгегинин натыйжасында газета айылдыктардын сүйүп окуган басылмасына айланган. Ошол кездеги станциянын директору, республиканын алдындагы өзгөчө эмгеги үчүн персоналдык пенсионер Жангабылов Камазбек мындай деп эскерер эле: “Амантур сыртынан караганда москоол, адамга анча батымы жок көрүнгөнү менен ички сезими, жан дүйнөсү бай, сезимтал адам экен. Мен ага чейин эки-үч редактор менен иштештим, алар деле адистиги тилчи, райондук, облустук газеталарда иштеп жүргөн адамдар эле, бирок, газетанын сапаттуу чыгышына менин ичим чыкпай жүргөн. Качан гана, Амантур иштегенден тартып, газетанын ажары ачылып, айылдыктардын турмушуна сүңгүп кирип кетти”.

Чарбада жылкыны өз төлүнүн эсебинен көбөйтүүдөгү кетирилген кемчиликтер жөнүндө агайдын “Кеп айгырдын белиндеби же Эмилдин пейлиндеби” деген фельетону партиялык комитеттин бюросунда талкууланып, ишти алдыга жылдыруу боюнча иштиктүү чаралар көрүлгөнү алигиче эл оозунда.

Жетимишинчи жылдардын ортосунан тарта агай жергиликтүү Өнөр жай министрлигинде, “Кыял” бирикмесинде искусствовед болуп иштөө менен маданиятыбыздагы түгөнбөс жаңы булактын көзүн ачып, ага өмүрүнүн калган бүт бөлүгүн арнады. Ал булак – кыргыздын этнографиясы, кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Чындыгында бул улуттук рух, байлык унутулуп бара жаткан эле, мына ушуну кайра жаратып, элибизге, айрыкча кийинки муунга жеткирүү менен улутубуздун кылымдан кылымга сакталып, атадан уулга, энеден кыз-келинге өтүп келген маданий очогун кайрадан тутантып, жалпы элдик деңгээлге көтөрүп чыкты. Фотоаппаратын асынып алып өлкөбүздүн төрт тарабын түгөл кыдырып, кол өнөрчүлөрдүн иштери менен таанышып, технологиясын кагаз бетине тушүрүп, ийне-жибине чейин изилдеп чыкты.

Амантур агай Кыргызстандын кол өнөрчүлөр бирикмесин негиздөөчүлөрдүн бири. Бул иште агай жалгыз эмес эле, аны ошол кездеги жергиликтүү өнөр жай министри Коңурбаев Марат, улуттук “Кыял” бирикмесинин башкы директору Макашев Султанбектер колдоого алган. Бул эмгеги агайдын “Кыргыздын кол өнөрчүлүгү”, “Кыргыздын улуттук кийимдери”, “Кыргыздын уз-усталары”, “Усталар жана уздар” жана башка ондон ашык китептеринде чагылдырып, кол өнөрчүлүктүн антологиясын иштеп чыгып, жарыкка чыгарган. Ал тарабынан кесиптик-техникалык окуу жайлары үчүн колдонмолор иштелип чыккан.

Амантур агай жеке турмушунда да жөнөкөй, элпек, жайыл дасторкону бар адам эле. Кандай деңгээлдеги отурушта болсун агайдын куюлушкан маңыздуу, Алыкул, Аалы, Байдылда, Турардын ырларын жатка айткан, таттуу сөздөрү зериктирбей турчу. Агай кыргыздын кайталангыс акыны Байдылданын жакын досторунун бири эле. Агайдын мүрзөсүнө коюлган эстеликтин бетиндеги эскерүү куплеттери Байдылда акындын калеминен жаралган.

Эскерүүбүздү окумуштуу-педагог Сабыр Иптар уулунун: – “Кыргыз үчүн кымбат мүлк “Манасты” сактаган Саякбай, күүнү сактаган Кара Молдо, күчтү сактаган Кожомкул, обонду сактаган Муса, сөздү сактаган Хусейн десек, элдик өнөрдү сактаган Амантур дебешке арга жок”, – деген сөзү менен аяктайын.

 Асанбек АЖИБЕКОВ, Кыргыз улуттук агрардык университеттин кафедра башчысы, айыл чарба илимдеринин  доктору, профессор, КР  айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер