Рустамов

Бүгүн, 2-мартта Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинде «Экологиялык экспертиза  жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Жыйында бул маселе боюнча баяндама жасаган КР Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдыкалык Рустамовдун маалыматына ылайык, мыйзам долбоору мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү үчүн акы төлөөгө тиешелүү жол-жоболорду алып салуу максатында иштелип чыккан.

Мындан сырткары, 1-окуудагы талкууда айтылган сын-пикирлер эске алынган.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштоо чечимин кабыл алышты.

Ошондой эле  комитет жыйынында «КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 2-окууда каралып добуш берүүгө жиберилди. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин  депутаттары Майрамбек Расулов, Акылбек Султанов.

Негизинен  Мыйзам долбоору турмуш-тиричилик жана өндүрүш таштандыларын атайын белгиленбеген жерге таштаган жарандардын жана жактардын жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган- деп маалымдайт Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Айзада Дүйшөнбаева