Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан Эбола вирусун жуктуруп, кайра айыккан бейтаптардын канынан алынган заттан вируска каршы дары иштелип чыга тургандыгы айтылууда.

Учурда Либериянын лабораторияларында аталган вирусту жуктуруп, кайра айыккан адамдардын канынан алынган затты бириктирүү аркылуу дары даярдалып жатат, деп маалымдайт Би-Би-Си’нин кыргыз кызматы.

«Ал Эбола вирусун жаңы гана жуктуруп алгандарга жардам бере алат», – деди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директорунун орун басары Мари-Поль Кини.

Кызматташуу аркылуу биз Эболага каршы дары-дармектерди даярдай алабыз, деген дарыгер бул баарынан да Либерия үчүн маанилүү экендигин белгилейт.

План боюнча, жакынкы апталарда Либерия лабораторияларында оорулуулардын кандарынан чогултуп, алынган суюктуктарды кайрадан иштеп чыгып, андан ары Эболага каршы дары даярдоо каралган.

Европа, АКШ жана Африкада Эбола вирусуна каршы вакциналарды клиникалык шартта сыноо башталды. Эгерде, вакцина коркунучсуз деп табылса, анда 2015-жылдын январь айынан баштап Батыш Африкага колдонууга берилет.

 

Булак: Баракелде