Депутат Ө.Текебаев, экс-министр О.Артыкбаевге энергоишканалардагы айрым жогорку кызматкерлердин соттолгондугу жөнүндө айткандыгын билдирди
Мыйзам долбоордун демилгечилери болуп Өмүрбек Текебаев менен Асия Сасыкбаева («Ата Мекен») саналат.
«Ай, Осмонбек, эмне кылабыз алар соттолгон да» , деп айткам. Амнистия боюнча акталыптыр, жакшы адамдар, өз иштерин билет деген. Мына бүгүн ошол Осмон (энергетика жана өнөр жайдын экс-министри Осмонбек Артыкбаев) жок. Бирок салт уланып жатат. 30 млн сомду уурдаган жана жазып койгон адамды министр кылгылары келип, баары чуркап жүрөт. Актап жүрүшөт, жаш кезинде катачылык кылыптыр, эгер соттолгон болсо аны кечиребиз, бийик трибунадан анын келечегин бузбайбыз, айтабыз, деп», – деди Текебаев.
Анын айтымында, мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш 3 окууда кабыл алган. Президент кол койгон жок. Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу боюнча аталган мыйзам долбоор 2 жылдан кийин кайра киргизилип жатат.
«Бул берене боюнча 1-бөлүмдө айып салынат, экинчи бөлүмүндө …бул берене боюнча миллиардарды уурдагандар, аткаминерлер, камоого алынбайт. Эгер беренени өзгөртпөсөк анда коррупцияга каршы күрөшү жөн гана сөз болуп калат. Эмнеге президент коррупцияга каршы күрөшүп жатса, беренелерди өзгөртүүгө шашылбайт, ЖКнын мыйзамдарына кол койбой, 3-4 жыл кармап жатат? Биз мамлекеттик ишканаларда, айрыкча энергоишканаларда коррупция көп экендигин билебиз. Эң чоң тендерлер ал жакта өтөт. Тилекке каршы кармалгандардын эч кимиси отургузулбайт, тескерисинче өсүп жатышат», – деди ал.
Депутат, отурумда энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев жөнүндө айтып жатып, 2004-жылы Каракол соту, кийин Ысык-Көл облустук соттук коллегиясы анын ири зыян келтиргендигин жана күнөөлүү экендигин далилдегенин билдирди.
«Анын күнөөсү, ал Жети-Өгүз РЭС жетекчиси болуп турганда, жок ишканаларга 30 млн 160 миң 100 сомго электр энергиясын жазып койгон. Бул мындай схема болчу: электрэнергияны сауналарга, Казакстанга сатат. Ал иштелип чыккан да. Сураганда калк төлөбөй жатат деп айтышат, жана жок ишшканаларга жазышат. Жоготуулар 49%га жеткен. Иштелип чыккан энергиянын жарымын ушинтип уурдашкан. 30 млн сомду уурдаган, күнөөсүн мойнуна алган деп айтууга болот. Аппеляциялык сот «сурануудан баш тартылсын» деп жазып жатат. Ал күнөөлү эмесмин деп айтып жатат, күнөөнү коюп жатат, бирок Конституцияны сыйлаган сот 10 жылдык амнистия боюнча бошоткон. Мына бүгүн бул жигит министр болгусу келет. Кылмыш-жаза кодекси коррупцияга каршы күрөшүүдө ушундай тоскоолдук жаратып жатат. Кечээ ушундай жетекчи, «Электр станциялары» ААКтын коммерциялык сатып алуу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси соттолду. Ал 15 млн кВт.саатты Казакстанга 2,8 центтен сатып жиберген. 10 миң доллар пара алган. Ал пара алгандыгын мойнуна алды, кандай чечим чыкты — айып 6 миң доллар. Айып салышты да, кое беришти. 4 миң доллар чөнтөгүндө калды. Мен бул жөнүндө депутаттарга айтып жатам. Мага: «Жок Өмүрбек пайдасы жок чыкты, 4 миң долларды сотко берди», деп айтып жатышат», – деди ал.
Анын белгилешинче, бүгүн мыйзамдын жакшыртылбагандыгы сотторго жана атка минерлерге ачык эле миллиардарды уурдаганга мүмкүндүк берет. 2010-жылы Убактылуу өкмөт келгенде башталган ишти тез бүтүрүү үчүн, элге кызмат кылуу үчүн Камбар-Ата-2 бүтүрүүнү чечкен.
Бакиев баштаса да, акча таап Камбар-Ата-2ге миллиардарды которгонбуз. Ошол эле учурда Убактылуу өкмөт, өкмөттүн уруксатын албай туруп чек арадан сырт жакка 1 млн сомдон ашык которууга тыюу салган. Камбар-Ата-2ни салып жаткан ишкана миллиардаган сомдорду которгон. Алар ошол эле учурда, биз ойлодук, иш жүрүп жатат деп. А иш жүргөн жок. Мурдагы карыздарга Максимдин чет жактардагы ишканаларына «тарс-тарс» которушкан, акча жок. Биз кечээ эле миллиардарды бердик, алар айтып жатышат, чек арадан тышка котордук деп. Атамбаев көкүрөгүн койгулап баштады: «Оор учурда биз Максимге акча которуп жатыптырбызбы, биз ГЭСтин бүтүшүнө которгонбуз» деп. Көп адамдарга иш козголгон. Бирок 2012-жылдын 12-октябрында КР көзкарандысыздыгынын 20 жылдыгыны карата амнистияга байланыштуу баардыгын жоопкерчиликтен бошотушкан. 1 млрд 230 млн сом жөн эле кетти. Баардыгын амнистия боюнча бошотушту. Бир Топчубаева байкуш 1 жылга соттолду жана 50 эсептик көрсөткүчтө (5 миң сом айып) айыпка тартылды. 221-берененин 3-бөлүмү боюнча ал аны гана соттошкондугу үчүн буга нааразы болгон. Актадыбы же жокпу билбейм мүмкүн бошогон чыгар.
Бул кызык эмес, кызыгы соттолгон Бакиев Осмонбек Керимбекович «Электр станциялары» ААК башкы жетекчинин орун басары болуп иштеп жатат. Соттолгондор Кайбалиев Аскарбек Канболотович «Электр станциялары» ААК башкы жетекчиси болуп, Качкынкулов Бектурсун Жандорович Камбар-Ата ГЭС-2 башкы директор болуп иштешет, – деди ал.
Депутат, өзүнүн мыйзам долбоору тууралуу айтып жатып төмөнкүлөрдү билдирди: «Биз балта менен чабыш керек, тамырына мээлеп туруп чабыш керек деп жатабыз, мындайлар жаныбызда болбош керек. Биз демилгелеген мыйзам долбоор мындай көрүнүштөргө каршы багытталган».
Мен ЖМК аркылуу дагы бир жолу айткым келет — мамишканаларда уурулук токтобосо, эгер млрд уурдалса, 5 миң сом айып төлөйсүң, 3 жылга соттолушуң мүмкүн, кылмышты биринчи жолу кылып жаткандыгың, сенин мүнөздөмөлөрүң, бийик кызматта иштегениң, мамлекеттик сыйлыктарың бар экендигин эске алуу менен жөн гана кое беришет. Биз мындай практиканы токтотушубуз керек. Бул Кылмыш-жаза кодекси уурулар үчүн түзүлгөн. Башка тарапты эске албай, эгер кылмыштуулукка карасак, коммерциялык уюмдарда ал бүгүнкүдөй эле – эч нерсе өзгөргөн жок. Президенттин алдында окумуштууларды чогултушту, бир жыл иштешти, алар өзүлөрүнүн мээлерин Кыргызстандын алдында кандай көйгөйлөр тургандыгы жөнүндө маселелер менен, КР Кылмыш-жаза кодексинде аларды кантип чечсе болору менен иштегенге мажбурлашы керек. Уурулук бар, акционердик коомдордо алтын, нефть, газ, электр энергияны уурдашат. Пайданын ордуна алар жоголуп жатышат. Муну кантип токтотсо болот. Отургузуу керек, айып салууну кереги жок, жана рахмат айтып, узатып, ушинтип айтып оордотуш керек. Жок, мунун ордуна окумуштуулар гуманизация жөнүндө айтышты. Мөөнөтүн калтырышты. Келгиле Европадагыдай кылалы — 25 жыл. Келгиле АКШдагыдай — конкретүү кылмыштар боюнча жоопкерчиликтен жылдап жашынышат, бирок кача алышпайт. Жок, чакан кылмыштар боюнча 1-3 жылдан кийин мөөнөтү өтүп кетет, а аткаминер отурат, кылмыштан кийин 2-3 жыл отурат, эгер сот болсо анда кароо жылдап созулат, андан кийин сот аны мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн бошотот», – деген Ө.Текебаев бул катачылыкты оңдоого мүмкүндүгүн айтып, мыйзам долбоорду биринчи жана экинчи окууда кабыл алууну суранды.
Булак : Баракелд
Комментарий кошуу