высотки1

“Бишкек шаарындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди жана жалпы пайдалануудагы жерлерди имарат жана турак жай куруу үчүн ижарага же жеке менчикке берүүгө мораторий жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору 9-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында каралып, артка кайтарылды.

Мыйзам долбоору аркылуу борбор калаанын аймагындагы жалпы пайдалануудагы жерлерге имарат же турак жай салуу үчүн менчикке берүүгө мораторий киргизүү демилгесине Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов каршылыгын билдирип, мындай чарбалык маселелер жергиликтүү орган катары мэрия тарабынан чечилиши керектигин айтты.

Талкууда депутат Мамытбай Салымбеков көп кабаттуу үйлөрдүн ортосунда жаңы үй же башка имараттар салынып, балдарга ойной турган, аксакал адамдарга баарлаша турган жер калбай калып жатканын белгилеп, мораторий ушул багытта гана сунушталгандыгын туура түшүнүүгө чакырды.

Комитет төрагасы Сайдулла Нышанов чарбалык иштерге кийлигишпей мэриянын ыйгарым укугу өзүндө эле калганы туура дейт. Депутат Талантбек Узакбаевдин пикиринде, үйлөрдүн ортосундагы жалпы пайдалануудагы жерлерге курулуш салынбастыгы боюнча мыйзам азыр деле бар, бирок ал аткарылбай жатат. “Эми дагы бир мыйзам кабыл алуунун кажети жок. Болгону аракеттеги мыйзамдын аткарылышын так сактоо керек”,- дейт депутат Т.Узакбаев. Мындай пикирди улаган депутат Абдулатип Режевалиев борбор шаардык макамы жөнүндө мыйзамга шилтеме жасоо менен сунушталган мыйзам долбооруна каршылыгын билдирди.

Комитет мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн мындай пикири менен сунушталган мыйзам долбоору артка кайтарылдыдеп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.