ата журт

Мындай маселени бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Майрамгүл Тиленчиева Өкмөттүн астына койду.

Анын айтымында, союз маалында жайыт тартышты болгон учурда Нарын облусунун Нарын районуна караштуу сырт өрөөнүндөгү Тарагай жайлоосунда 47 миң 188 гектар жер Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна убактылуу пайдаланууга берилген. Азыркы күндө бул жайыт жер пайдаланылбай келет. Себеби, Жети-Өгүздүн Барскоон айылынан 200 км алыстыкта жайгашкан. Ал эми бул жайыттар Нарындан болгону 50 км алыстыкта. Нарын районунда климат катаал келип, дан эгиндери бышпайт. Жергиликтүү эл мал жандыктарын өстүрүп, күн көрүшөөрү белгилүү. Азыркы тапта Нарын районунун Орток айыл өкмөтүнүн аймагына 4 ГЭС каскаддарын куруу үчүн 1000 гектар жер бөлүнүп, жерлердин, жайыттардын дагы тартыштыгына алып келүүдө. Келечекте дагы 4 каскад куруу максаттары бар. Анда дагы көп жайыт жерлери кетет. “Мына ушуга байланыштуу, бул жагдайга Өкмөт өзгөчө көңүл буруп, Жети-Өгүзгө убактылуу пайдаланууга берилген жайыттарды Нарындын Орток айыл өкмөттөрүнө кайра кайрып берүүнү карап, тез арада чечип берүүсү керек”,- дейт депутат М.Тиленчиева.

Мындан сырткары, депутат аталган Орток айыл өкмөтүнө караштуу, көпчүлүгүн жаштар түзгөн 4 айылдын биринде да спорт зал жоктугун баса белгиледи. Маалыматка ылайык, 2012-жылы Орток айыл өкмөтүнүн Таш-Башат айылына сметасы 25 млн. сомдук спорт зал куруу республикалык бюджеттин капиталдык салымдар боюнча тизмесине кирген. “Бирок Каржы министрлигинен акча которулбай бүгүнкү күнгө чейин спорт залдын курулушунан дайын жок”, -деген эл өкүлү бул маселени дагы Өкмөткө багыттады. Бул тууралуу Жогорук Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.