парламентаризм1

“Еразиялык экономикалык бирликке кирүү боюнча негизги келишимге кол коюлганы менен Кыргызстандын толук кандуу мүчө катары кириши үчүн убакыт талап кылынууда. Тагыраак айтканда, айрым келишимдер, техникалык регламенттер, бажы процедуралары боюнча мыйзамдарды дал келтирип, ишке ашыргандан кийин май айы менен экономикалык аймакка толук кандуу мүчө болуп калат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов бүгүн, 25-декабрда “Парламент” радиосу менен ой бөлүштү.

Анын айтымында, азыркы тапта Кыргызстанда чыгарылган продукциялардын баары техникалык регламенттердин талаптарына дал келгендей кылуу жаатында иш алып баруу зарыл. Ал үчүн эмне кылуу керек? Биринчиден, сертификациялык лабораторияларды куруу керек. Бул багытта Россия Федерациясы дагы жардам беребиз деп жатат. Ошондуктан, бул анча деле чоң көйгөйгө айланбайт. Экинчиден, Логистикалык борборлордун ачылышын камсыздоо маселеси турат. Себеби, товарларды экспорттоону натыйжалуу кылуу максатында алардын таңгактоодон тартып, жеткирүү маселесине чейин көңүл бурулушу керек. Үчүнчүдөн, транспорттук тарифтер да өзгөрөт. Эми ички тарифтерге өтөбүз. Бул жагынан да бизге жеңилдиктер болот. Ушул сындуу процедураларды ишке ашырууга убакыт керек.

Түз эфирдин жүрүшүндө М.Султанов Бирдиктүү экономикалык аймакка кирүүдө товарлардын гана эркин жүгүртүлүүсү эле эмес, эмгек күчүн дагы эркин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк ачыларына токтолду. Эл өкүлүнүн белгилөөсүндө, мигранттардын иштөөсүндөгү тоскоолдуктар кескин төмөндөйт. Алардын иштөөсүнө шарттар түзүлөт. “Бул жерде тиешелүү министрликтер дыкат иш жүргүзүп, келишимдеги мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, маселен, мигранттар боюнча ар кандай барьерлерди алып салуу багытында иштеши керек. Ошондо биздин эмгек мигранттарыбыз жылдын экинчи бөлүгүндө турмушундагы жеңилдөөлөрдү сезип калышат”,- дейт депутат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.