Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев («Ар-Намыс»), Казакстанга суу кое берүүнү көзөмөлдөө боюнча суу чарба Департаментинин ишин текшерүү керек деп эсептейт.

Анын кечээ, 16-декабрда Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумунда билдиришинче, жер-жерлерде департаменттин ишин текшерүү боюнча, ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинин көчмө жыйындарын өткөрүү зарыл.

«Шлюз боюнча, эгер суу чарба Департаментинин иши боюнча уксаң, Боом капчыгайындагы шлюздар, Казакстанга суу кантип кетип жатат, муну көрүш керек. Ал жакты текшергендер абдан кызык нерселерди айтып жатышат, таң каларлык, алар сууну оңго жана солго сатышууда. Шлюздар ачык, ал жакта кеңселер кандай абалда — бир отургуч, анан чылымдар, баары отурушат», – деди депутат.

Мурдарак депутат Кантемир Мурзабековдун («Ата Журт») билдиришинче, Таш-Көмүр шаарында эске алынбаган көп суулар бар. «Кара-Суу суусу бар. Ал жакта бир дагы гидротосмо жок. Үч-Коргон ГЭСнен Чоң Наманган каналы бар. Ал жакта эч нерсе жок. Кандай кааласа, ошол жакка… сууну мурда да сатышчу жана бүгүн да сатып жатышат. Эгер тактаса маселелер көп. Биз бүгүнкү күнгө чейин маселелер чечилбейт деп айтабыз. Ошондуктан тиешелүү органдарга катуу тапшырма бериш керек. Сууну сатышканда, электр энергияны арзан сатышканда бүгүн ушундай абалга алып келишти»,- деди Мурзабеков.