dialysis health care medicine kidney

Депутат Эсенгул Исаков бүгүн, 5-мартта “Ар түрдүү маселелер” саатында Жапония мамлекети менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгынын негизинде депутат К.Самаков Жапониялык “Токушукай медикал” медициналык борбору менен келишим түзүп, 10 гемодиализ аппаратын Бишкекке бекер алып келип, ишке киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгүнө 1 жыл болгондугун айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Депутаттын эсептөөсүндө, 1 гемодиализ аппаратына бир күндө 3 адам дарыланса, бир жылда 10 гемодиализ аппаратына 1950 адам дарыланганы турат. “10 гемодиализ аппараты ишке киргизилсе  бул карапайым адамдар бөйрөк оорусуна жабыркап, кезекке жетпей зарыгып турганда чоң колдоо болот эле да”, -дейт депутат.

Э.Исаков бул багытта Өкмөттүн кайдыгерлигине бөйрөк оорусу менен жабыркагандар сын айтып жатканын белгилеп, бул маселени депутаттар көзөмөлдөп, гемодиализ аппараты көзүнөн учуп турган жарандардын көйгөйүн чечип берүүгө кесиптештерин чакырды.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Бөдөш Мамырова дагы бөйрөк оорусу менен жабыркагандарга гемодиализ аппаратынын аздыгы, колдо тургандарынын иштен чыккандыгы, теткитерин алмаштырууга акча зарылдыгы сындуу көйгөйлөргө токтолгон.